Акжол Махмудов Азия чемпионатынын финалына чыкты

  • 2 года мурун

Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов Монголияда өтүп жаткан грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатынын финалына чыкты. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтында айтылат.

Махмудов 77 кг салмакта мелдештин чейрек финалында ирандык Ареф Мозафарды 9:1 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңип алган. Жарым финалда кореялык балбан Ким Хён У менен кармашып, аны 4:1 эсебинде жеңди. Эми финалда казакстандык Максат Ережепов менен каршы күч сынашат.

Азия чемпионаты Улан-Батор шаарында 19-24-апрель аралыгында өтөт. Ага Кыргызстандан жалпы 21 балбан аттанган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты