«Тазалыктын» кызматкерлери жумушка чыгышты

  • 2 года мурун

Бишкек шаардык мэриясы «Тазалык» муниципалдык ишканасынын иш таштаган кызматкерлери 16-апрелде кайрадан жумушка чыкканын билдирди.

Мэриядан билдиришкендей, бүгүн эрте менен борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров жумушчулар менен жолугуп, алардын көйгөйлөрү менен таанышып чыкты.

“Тазалыктын” айрым жумушчулары 15-апрелде нааразылык акцияга чыгып, жетекчиси Азат Сагыновдун иштен алынышын талап кылышкан. Алар бул тармакты билген адам башкарышы керектигин айтып, жетекчилер тынбай алмашып жатканына нааразы болушкан. Бул окуядан кийин “Тазалыктын” башчысы болуп Султан Алыбаев дайындалды.

“Тазалык” Бишкектин көчөлөрүн, коомдук жайларын тазалап, күнүнө 500 тоннанын тегерегинде таштанды чыгарат. Ишканада бир жарым миңдей адам иштейт. 

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты