«Тазалыктын» директору Азат Сагынов кызматтан бошотулду

  • 2 года мурун

Бишкек шаардык мэриясына караштуу «Тазалык» муниципалдык ишканасынын директору Азат Сагынов кызматтан бошотулду. Бул тууралуу вице-мэр Жамалбек Ырсалиев аталган ишкананын жумушчуларынын нааразылык акциясында айтты.

Анын айтымында, муниципалдык ишкананын башчысы болуп Султан Алыбаев дайындалды.

Бүгүн, 15-апрелде «Тазалык» муниципалдык ишканасынын айрым жумушчулары митингге чыгып, жетекчиси Азат Сагыновдун иштен алынышын талап кылышты. Алар бул тармакты билген адамдар башкарышы керектигин айтып, жетекчилер тынбай алмашып жатканына нааразы болушту. Ошондой эле коопсуздук маселеси каралбай, машинелерге тетиктер алынбай жатканына жана айлык маселеси жакшы чечилбей жатканына даттанышты.

Азат Сагынов «Тазалыктын» директору болуп 2021-жылдын декабрында дайындалган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты