Министрлик сүнөттөн кийин чарчап калган баланын өлүмүнүн себебин түшүндүрдү

  • 2 года мурун

Саламаттык сактоо министрлиги сүннөткө отургузгандан кийин эсине келбей, чарчап калган жети жаштагы баланын өлүмү боюнча түшүндүрмө берди. Министрликтин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, наркоз берген учурда баланын жүрөгү токтоп калган.

«Учурда оорукананын жетекчилиги ички иликтөө жүргүзүп жатат» — деп айтылат маалыматта.

Жети жаштагы бала Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук госпиталда 2-апрелде наркоз (жалпы эмес) менен сүннөткө отургузулган. Кийин Платтер синдрому, жарааттан кан кетүү диагнозу менен балдардын 3-ооруканасына түшүп, эсине келбей үзүлгөн. Милиция бул фактыны каттоого алып, соттук-медициналык экспертиза дайындалганын, иликтөө уланып жатканын билдирүүдө.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты