Кой-Таш окуясы: судья Алмазбек Атамбаевди сотко мажбурлап алып келүү тууралуу токтом чыгарды

  • 2 года мурун

Бүгүн, 30-мартта Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча соттук териштирүү уланып жатат.

Соттук отурумга президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязов катышууда, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев алынып келинген жок.

Отурумдун жүрүшүндө Жаза аткаруу кызматынын медициналык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы суракка алынды. Ал Алмазбек Атамбаевдин ден-соолугу учурда канааттандырарлык экенин жана соттук отурумга катыша аларын айтты.

Мамлекеттик айыптоочу дарыгердин айткандарын негиз кылып, Атамбаевди сотко мажбурлап алып келүү тууралуу өтүнүч келтирди. Жактоочулар бул өтүнүчкө каршы пикирин билдиришти.

Судья Азирет Медеров Алмазбек Атамбаевдин бүгүнкү күнгө карата ден-соолугунун абалы тууралуу маалымкат берилбегенин жүйө келтирип, аны сотко мажбурлап алып келүү тууралуу токтом чыгарды.

23-мартта Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча сот болмок. Ага мурдагы президент Алмазбек Атамбаев алынып келинип, бирок ал унаадан түшүүдөн баш тарткан соң, отурум 30-мартка жылдырылган. Адвокат Замир Жоошев жана Атамбаевдин жакындары ал сотко эркине каршы алынып келингенин, жараат алып, денеси көгөргөнүн айтышууда.

Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган Атамбаевди «Батукаев иши» боюнча кармоо операциясы 2019-жылы анын Кой-Таштагы үйүндө өткөрүлгөн. Күч органдарынын операциясы учурунда бир адам (УКМКнын офицери Үсөнбек Ниязбеков) каза болуп, 175 адам жараат алган. Жалпысынан бул үчүн 19 киши айыпталып, алардын 14нүн иши сотко өткөн.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты