Депутат Атамбаевдин эркине каршы сотко алып келинишин иликтөө үчүн комиссия түзүүнү сунуштады

  • 2 года мурун

Жогорку Кеңештин депутаты Сеид Атамбаев мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди эркине каршы сотко алып келген окуяны иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал парламенттин 30-марттагы жыйынында билдирди.

«Бул ишти жөн коюш керек эмес. Ар бир фракциядан бирден депутат кирген комиссия түзүп, ишти караш керек. Бул жерде кызыкчылыктар кагылышы дагы болууда. Анткени, Акылбек Үсөнбекович (Министрлер кабинетинин төрагасы Жапаров — ред.) кабинеттин жетекчиси болуп жатат, Рахатбек Үсөнбекович (Жапаровдун иниси — Жаза аткаруу кызматынын жетекчи орун басары — ред.) анын иниси болуп жатат, кудасы ким экенин өзүңөр билесиңер. Ошондуктан мен бул ишти кандай болсо дагы аягына чыгарам», — деди депутат Атамабев.

Сеид Атамбаев мурдагы президент Алмазбек Атамабевдин баласы.

23-мартта Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча сот болмок. Ага мурдагы президент Алмазбек Атамбаев алынып келинип, бирок ал унаадан түшүүдөн баш тарткан соң, отурум 30-мартка жылдырылган. Адвокат Замир Жоошев жана Атамбаевдин жакындары ал сотко эркине каршы алынып келингенин, жараат алып, денеси көгөргөнүн айтышууда.

Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган Атамбаевди «Батукаев иши» боюнча кармоо операциясы 2019-жылы анын Кой-Таштагы үйүндө өткөрүлгөн. Күч органдарынын операциясы учурунда бир адам (УКМКнын офицери Үсөнбек Ниязбеков) каза болуп, 175 адам жараат алган. Жалпысынан бул үчүн 19 киши айыпталып, алардын 14нүн иши сотко өткөн.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты