Атамбаев президент Жапаровго сот иштеринин жүрүшү боюнча жооп берди

  • 2 года мурун

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун сот отурумуна байланыштуу соңку окуялар боюнча өзү тууралуу айткандарына жооп берди. Анын билдирүүсү Фейсбуктагы «Алмазбек Атамбаев» баракчасына жарыяланды.

Атамбаевдин билдирүү катында сот отурумдарына ден-соолугуна байланыштуу катыша албай турганы жөнүндө арыз жазганы айтылат.

«Садыр иним! Мен соттон качкым келсе, мага биринчи иш козголгондо эле 2018-жылы качып кетмекмин. Ошондо атайын самолет келгенде мен аны менен Москвага учуп барып, досторума рахмат айтып, «мен качып кетсем болбойт, уят болот» деп, кордук көрүп, камаларымды билсем да кайра учуп келгем Кыргызстанга. А сен болсо, Садыр иним, 2013-жылы Караколдогу чуулгандуу окуя боюнча иш козголгондо, соттон коркуп, тарапташтарынды таштап качып кеткенсин чет элге. Анан мен бийликтен кетээрде 2017-жылы кайра келип соттолуп кеттиң. Соттун өкүмүн аягында Жогорку сот бекиткен. Бирок мен ага чейин эле кызматты жаңы президентке өткөрүп кеткем. Сеники да туурадыр, мүмкүн сага коюлган киненин баары жалгандыр. Мен өзүм да көрдүм прокурор, соттордун адилетсиздигин, бети жоктугун! Анда ошо кездеги сени соттогон прокурор, тергөөчү, сотторду бийлик өз колунда турганда териштир да! Сени 11 жылга абакка кескен райсот Каипов мага да дал ошондой өкүм чыгарбадыбы! Күлкүң да келет, ойлосоң! Ошондон баштабайсынбы туура эмес кесилген болсоң?», — деп жазылган билдирүүдө.

Атамбаев президент Жапаровго сот иштеринин жүрүшү боюнча жооп берди

25-мартта Жапаров Атамбаевдин тегерегиндеги талкуу боюнча “Фейсбукка” пикирин жазып, мыйзам алдында баары бирдей экенин, жоопкерчиликке тартылган жаран ак экенин сотто далилдеши керектигин эскерткен.

«Мыйзам алдында баарыбыз бирдейбиз. Сот жоопкерчилигине тартылып жатасыңбы? Сотко бар. Ак экениңди далилде. …Баарыбыз мыйзамга баш ийели. Ошондо өлкөдө тартип болот. Учурдан пайдаланып ишти карап жаткан сот, прокурорлордон суранып кетет элем. Буйрук бергенге укугум жок. Ошондуктан суранып жатам. Эгер мүмкүн болсо сот процессин жабык эмес, ачык өткөрсөңүздөр болмок», — деп жазган Жапаров.

23-мартта Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча сот болмок. Ага мурдагы президент Алмазбек Атамбаев алынып келинип, бирок ал унаадан түшүүдөн баш тарткан соң, отурум 30-мартка жылдырылган. Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев айыпталуучуну сотко күч менен кыйнап алып келишкенин, дарыгерлер ага «ден-соолугуна байланыштуу сотко катыша албайт» деп бүтүм жазып беришкенин билдирген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты