Тилек Матраимов «Ошгаздын» директорунун орун басары болуп 3-мартта дайындалганы айтылды

  • 2 года мурун

Ош облусундагы Кара-Суу районунун мурдагы акими Тилек Матраимов “Ошгаздын” директорунун орун басары болуп 3-марттан тартып иштеп жатат. Бул тууралуу “Азаттык” радиосу аталган ишкананын техникалык иштер боюнча орун басары Мирбек Маматовдун маалыматына таянып жазды.

Тилек Матраимов өлкөдөгү ири райондордун бири болгон Кара-Сууну сегиз жыл башкарып, Октябрь окуяларынан кийин кызматтан кеткен. Ал 2021-жылы 9-октябрда кыргыз-өзбек чек арасынан мыйзамсыз өткөн деген шек менен кармалып, кылмыш иши козголгон. Ош шаардык соту көп өтпөй ага 220 миң сом айып пул салып үй камагына чыгарган.

Ал Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов менен бир катар коррупциялык чуулгандуу иштерде аты аталган Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун бир тууган иниси.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты