Кубан Казаков пробация департаментинин директору болуп дайындалды

  • 2 года мурун

Кубан Казаков Юстиция министрлигинин алдындагы пробация департаментинин директору болуп дайындалды. Тийиштүү жарлыкка Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгонун аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

43 жаштагы Казаков Юстиция министрлигинде 2003-жылдан бери иштеп, ар кайсы бөлүмдөрдү жетектеген, Чүй — Бишкек башкармалыгында эмгектенген.

Департамент 2019-жылдын сентябрынан тартып Юстиция министрлигинин алдында иштей баштаган. Мурда Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматка (ЖАМК) караган. 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты