Лимонтинин өлүмү: Сот залында айыпталуучу оозун зым менен тигип салды

  • 2 года мурун

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда «Лимонти» каймана аты менен белгилүү кримтөбөл Алмазбек Сулаймановдун өлүмүнө байланыштуу соттук териштирүү жүрүп жатат. Соттун чечимине нааразы болгон айыпталуучу Талгат Шамиев сот залында оозун зым менен тигип салды.

Отурумдун жүрүшүндө судья айыпталуучу Талгат Шамиевди камакта кармоо мөөнөтүн узартуу маселесин кароо зарылдыгын билдирди.

Буга чейин Шамиевдин жактоочусу айыпталуучуга карата камакта кармоо түрүндөгү бөгөт чарасын 28-январга чейин гана тандоону суранган. Ал муну Талгат Шамиевге карата кылмыш иши 2021-жылдын 28-январында Нарын шаардык сотуна келип түшкөнү менен түшүндүргөн. Жаңы Жазык-процессуалдык кодексине ылайык, эгерде айыпталуучуга карата соттун өкүмү чыга элек болсо, аны бир жылдан ашык камакта кармоого жол берилбейт.

Судья Мирлан Термечиков кеңешме бөлмөсүнөн чыккан соң айыпталуучуну дагы эки айга камакта кармоо тууралуу чечим чыкканын жарыялады. Бул чечимге нааразы болгон айыпталуучу Талгат Шамиев сот залында оозун зым менен тигип салды жана ачкачылык жарыялады.

Белгилей кетсек, «Лимонти» каймана аты менен таанымал кримтөбөл Алмазбек Сулайманов 2020-жылдын 28-мартында Нарын шаарында киши колдуу болгон. Анын сөөгүн Талгат Шамиев аттуу жаран Нарын шаардык ички иштер башкармалыгына алып келип, күнөөсүн мойнуна алган. Маалыматка ылайык, Шамиев Лимонтини атасы — уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Имангазы Шамиевдин өлүмү үчүн өч алуу максатында өлтүргөнүн айткан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты