Түрк мамлекеттер уюму Казакстандагы кырдаалды талкуулады

  • 2 года мурун

Түрк мамлекеттер уюмунун тышкы иштер министрлери видео форматтагы кезексиз жыйында Казакстандагы кырдаалды талкуулады. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Жыйынга Кыргызстандын, Азербайжандын, Казакстандын, Түркиянын, Ɵзбекстандын, Түркмөнстандын жана Венгриянын тышкы саясий мекемелеринин башчылары катышкан. Жолугушуу уюмга төрагалык кылган Түркиянын демилгеси менен өттү.

Казакстандын тышкы иштер министри жыйындын катышуучуларына азыркы кырдаал жана аны жөнгө салуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берген.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Казакстандагы акыркы окуялардын жүрүшүндө чет өлкөлүк жарандар тарабынан укук бузуулар боюнча мыйзам алкагында, эки тараптуу жана көп тараптуу келишимдерге ылайык ачык-айкын, адилеттүү териштирүү жүргүзүлүш керектигин белгиледи.

Руслан Казакбаев жакынкы аралыкта Казакстанда Түрк мамлекеттер уюмунун Аксакалдар кеңешинин жыйынын өткөрүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.

Жолугушуунун жыйынтыгында Түрк мамлекеттер уюмунун Тышкы иштер министрлеринин кеӊеши Казакстандагы кырдаал боюнча биргелешкен билдирүү кабыл алды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты