Ысык-Көлдө эки адам истүү газга ууланып каза тапты

  • 2 года мурун

Ысык-Көл облусунун Ананьево айылында эки адам истүү газга ууланып каза тапты. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсык, кечээ, 2-январда болгон. Анын кесепетинен 45 жаштагы эркек киши менен 7 жашар бала көз жумган.

Аталган факты Жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Учурда кырсыктын келип чыгуу себеби такталып жатат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бул боюнча азырынча маалымат бере элек.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты