«Ысык-Көл» мейманканасынын ордуна эмне курулары айтылды

  • 2 года мурун

Бишкектеги «Ысык-Көл» мейманканасынын бузулушуна байланыштуу Президенттин иш башкармалыгы кайрадан билдирүү таратты.

Анда «Ысык-Көл» мейманканасынын 2007-жылдан тартып колдонулбай келгени, имаратты сактап калуу үчүн инвесторлор менен сүйлөшүү жүргөнү, бирок андан майнап чыкпаганы жазылган.

«Натыйжада 13-14 жыл мейманкана колдонулбай, акырындап бузула берген.

Каражаттарды рационалдуу пайдалануу, унаа жолдорун бошотуу жана борбордун эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу үчүн «Ысык-Көл» мейманканасынын ордуна мамлекеттик маанидеги жаңы административдик комплексти куруу чечими кабыл алынды. Учурда анын максаттуулугу боюнча маселе каралууда», — деп айтылат маалыматта.

Мекемеден билдиришкендей, мейманканы бузуу иштерин «Кыргызстройсервис» мамлекеттик ишканасы жүргүзүп жатат. Курулуш иштерин президенттин иш башкармасына караштуу Социалдык-экономикалык жана административдик объекттерди куруу, реконструкциялоо боюнча мамлекеттик дирекциясы жүргүзөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты