Аида Касымалиева Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү болуп дайындалды
- 3 года мурун
Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмундагы туруктуу өкүлү болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.
Аида Касымалиева 2017-жылы КСДПнын тизмеси менен Жогорку Кеңешке депутат болуп келген. 2018-жылдын 26-декабрында ЖК төрагасынын орун басары болуп шайланган.
Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмундагы (БУУ) туруктуу өкүлү кызматын 2016-жылдан бери Миргүл Молдоисаева аркалап келген.
Муну бөлүшүү