Айсулуу Тыныбекова Азиянын мыкты балбан кызы деп табылды

  • 2 года мурун

Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова «Азиянын мыкты балбан кызы» деп табылды. Бул тууралуу Азия бириккен күрөш дүйнөсү уюмунун Инстаграм баракчасында айтылат.

Уюм күрөштүн олимпиадалык (грек-рим, эркин жана кыз-келиндер) түрлөрү боюнча жыл ичинде зор ийгиликтерге жетишкен спортчуларын аныктаган.

Кыз-келиндер күрөшү боюнча жылдын мыкты балбаны болуп Токио Олимпиадасынын күмүш байге ээси, дүйнөнүн эки жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекова табылган. Грек-рим күрөшүнөн Олимпиада жана дүйнө чемпиону болгон ирандык Мохаммедреза Гераи эң мыкты деп тандалган. Ал эми эркин күрөштөн Олимпиаданын күмүш байгесин, дүйнө жана Азия чемпионаттарынын алтын медалын уткан ирандык Хассан Язданичерати мыкты деп табылган.

Спортчуларды сыйлоо аземи 2022-жылдын апрелинде Монголиянын борбору Улан-Батор шаарында өтө турган уюмдун башкы ассамблеясында болот.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты