4-6-ноябрда Бишкек жана Чүй облусунун айрым көчөлөрүнө  чектөө киргизилет

  • 3 недели мурун

4-6-ноябрь күндөрү Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын Кыргызстанга мамлекеттик сапарына байланыштуу Бишкек шаары жана Чүй облусунун айрым көчөлөрүнө мал-маалы менен чектөө киргизилет.

Бул тууралуу ички иштер министрлигинин (ИИМ) жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө кызматынын башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Чектөө:   

– «Манас» эл аралык аэропорт жолу Бишкек шаарынын чегине чейин;

– Фучик көчөсү Бишкек шаарынын чегинен тартып, Чүй проспектисине чейин;

Чүй проспекти Фучик көчөсүнөн тартып, чыгышты карай Манас проспектисине чейин;

– Манас жана Ч.Айтматов проспектилеринен түштүктү карай, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясына чейинки бөлүгүнө чектөө киргизилип турат.

«Бул мамлекеттик маанидеги иш-чара учурунда, жогоруда көрсөтүлгөн жол жээктерине унаа каражаттарын калтырбоону, оор жүк ташуучу унаалар зарылчылык болбосо жолго чыкпай турууну жана жалпы айдоочулардан жол кыймылынын жөнгө салып турган кызматкерлердин талаптарына баш ийип, жол эрежелерин так сактоого чакырабыз» деп билдирди жол кыймылын көзөмөлдөө кызматынын башкы башкармалыгы.

Иллюстрациялык сүрөт: ИИМ басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты