31-августка карата Патрулдук милиция билдирүү таратты

  • 2 месяца мурун

Бишкек шаардык милициянын Патрулдук кызматы борбор тургундарын жана конокторун 31-август Эгемендик күнүндө жол жүрүүдө коомдук транспортторду колдонууга чакырды. Ошондой эле айрым жолдордун майрам күнүнө карата жабыларын билдирди.

«31-август күнү Ала-Тоо аянтында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата иш-чаралар өткөрүлөт. Ушуга байланыштуу Патрулдук милиция кызматы тыгындарды болтурбоо үчүн коомдук транспортту колдонууга чакырат»-деп айтылат билдирүүдө.

Патрулдук милиция жол жээгине токтотулуп, жол кыймылына тоскоолдук жараткан унаалар айып короолоруна алынарын билдирди. Милиция бул чараларга түшүнүү менен мамиле жасап, кеңештерди угууну суранган.

Ошондой эле 31-август күнү айрым жолдор жабыларын кабарлаган:

Чүй проспектиси Тоголока Молдо көчөсүнөн Ибраимов көчөсүнө чейин;

Фрунзе көчөсү Тоголок Молдодон Эркиндик бульварына чейин;

Ибраимова көчөсү Фрунзе көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин.

Сүрөт: ИИМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты