25-26-сентябрь күндөрү Бишкектин айрым жерлеринде суу өчүрүлөт

  • 3 недели мурун

Бишкек шаарынын мэриясы 25-26-сентябрь күндөрү борбор калаанын айрым бөлүктөрүндө ичүүчү суу өчүрүлөрүн билдирди.

Бул күндөрү төмөндөгү даректерде жайгашкан турак жайларга, мектептерге, мектепке чейинки балдар мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерге ичүүчү сууну берүү убактылуу токтотулары айтылды.

25-сентябрь күнү саат 10:00дөн 21:00гө чейин төмөнкү көчөлөр менен чектешкен аймакта суу өчүрүлөт:

—  Чатыркөл — Шералиев көч. — Күйүкова көч. —  Чортеков көч. —  Ахунбаева көч. —  Муромская көч. Жазира көч. —  Көпүрө-Базар көч. Ахунбаев көч. — Репин көч.

Аталган аймакта ичүүчү суу Чортеков  жана Күйүкова  көчөлөрүндөгү диаметри 200 мм, 150 мм, 80 мм, 200 мм суу түтүктөрүн оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлөт.

26-сентябрь күнү саат 09:00дөн 21:00гө чейин төмөнкү көчөлөр менен чектешкен аймакта суу өчүрүлөт:

Панфилов көч., Манас пр.,   Фрунзе көч. — темир жол линиясы.

Бул аймакта ичүүчү суу «Тоголок Молдо» суу алгычында жана шаардык суу түтүктөрүндө оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлөт.

25-26-сентябрь күндөрү Бишкектин айрым жерлеринде суу өчүрүлөт
25-сентябрь
25-26-сентябрь күндөрү Бишкектин айрым жерлеринде суу өчүрүлөт
26-сентябрь

Ошондой эле “Бишкексууканал”  муниципалдык ишканасы мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууларын суранган.

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты