24.kg’ге козголгон кылмыш иши кыскарды

  • 4 месяца мурун

24.kg агенттигине козголгон кылмыш иши кыскарды. Бул тууралуу аталган агенттик жазып чыкты.


УКМКнын тергөөчүсү Эрлан Акынбеков кечээ, 2-апрелде адвокат Нурбек Сыдыковдун өтүнүчүн аткарып, агенттиктин кеңсеси ачылды. 15-январда тинтүү учурунда алынган компьютерлер, ноутбук жана кызматкерлердин телефондору, бардык каржылык документтер да кайтарылды.

15-январда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери Бишкекте 24.kg агенттигинин кеңсесинде тинтүү жүргүзүп, мөөр басып кеткен. Ошол эле күнү агенттиктин директору Асел Оторбаеваны, башкы редакторлор Махинур Ниязова менен Антон Лымарды суракка алган.

Иш кылмыш-жаза кодексинин “Согушту пропагандалоо” беренеси боюнча тергелип жаткан.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты