​АКШ жана Швейцария уюмдары «Алай ишкер айымдары» бирикмеси менен кызматташууда

«Алай ишкер айымдары» коомдук бирикмеси 18-августта өзүнүн жүн өндүрүшүнүн жана кол өнөрчүлүк буюмдарынын кеӊейишинин урматына Чоӊ-Алай жана Алай райондорунда расмий азем уюштурду.

Бцл тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

Өндүрүү АКШнын эл аралык өнүгүү боюнча агенттигинин (USAID) жана Кыргыз Республикасындагы швейцариялык HELVETAS өнүгүү уюмунун колдоосу алдында жүзөгө ашырылат.

USAIDдин «Конкуренттүү ишкана» долбоорунун колдоосу «Алай ишкер айымдары» коомдук бирикмесине Алай жана Чоӊ-Алай райондорунун алыскы аймактарынан кол өнөрчү-аялдарды көбүрөөк тартууга жардам берди. USAID жүндүү иштетүү процессин автоматташтырууга, өндүрүштүк чыгымдарды төмөндөтүүгө жана сапатты жогорулатууга мүмкүндүк берген жүндү иштетүү үчүн жабдууну тартуулады.

“Алай ишкер айымдары” ошондой эле, жүндү тазалоо, жүндү иштетүү жана кийиз даярдоо үчүн швейцариянын HELVETAS өнүгүү уюму ишке ашырган «Бай Алай» долбоорунан жабдуу алган. Коомдук бирикме өз кол өнөрчүлөрү үчүн эмгектин ыӊгайлуу шарттарын камсыз кылуу максатында оӊдоп-түзөөлөрдү жүргүзүүгө каражат инвестициялаган.

«USAIDдин колдоосу менен биз алыскы Алай жана Чоӊ-Алай райондорунан жергиликтүү 54 аял үчүн жумушчу орун түзөбүз. Биздин миссия жергиликтүү таланттарды колдоодо жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү түзүүдө жатат», -дейт «Алай ишкер айымдары» коомдук бирикмесинин Чоӊ-Алайдагы филиалынын аткаруучу директору Жибек Туратбекова.

Азыркы учурда «Алай ишкер айымдары» Ош шаарынан ары төрт сааттык жолдогу алыскы Алай районунда иш берүүчү ири уюм болуп саналат. Ассоциация килемдерди, үй декорунун буюмдарын, кийизден килемдерди жана кол өнөрчүлүк буюмдарын өндүрүүгө жергиликтүү кол өнөрчү-аялдарды тартып жатат.

Чыгарылган продукция Кыргызстан боюнча туристтик дүкөндөрдө жана социалдык тарамдарда ассоциациянын баракчалары аркылуу сатылууда.

«Биз Кыргызстандын аялдары үчүн жаӊы иш орундарын жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү түзгөн «Алай ишкер айымдары» сыяктуу уюмдарга гранттарды берип жатканыбызга сыймыктанабыз», — дейт USAIDдин Кыргыз Республикасындагы Миссиясынын Директорунун милдетин аткаруучусу Кит Симмонс.

«Бирок бул долбоор өзгөчө, себеби кеп жумушчу орундар гана жөнүндө эмес, кыргыздын улуттук мурастарын – шырдактарды, калпактарды жана

чепкендерди жайылтуу жөнүндө да жүрүп жатат» дейт ал.

Сүрөт: Элчиликтин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты