​“Афганистандын жараны самолеттун канатына жабышып бара жатат”. Текшеребиз

18-август күнү Фейсбуктагы “KG Bishkek” баракчасында учуп бара жаткан самолеттун үстүндө жаткан кишинин видеосу жүктөлгөн. Кээ бир интернет колдонуучулары бул Афганистандагы “Талибан” режиминен качкандардын бирөө болушу мүмкүн деген божомолдорун айтышса, кээ бирлери “монтаж” экенин билдиришкен.

​“Афганистандын жараны самолеттун канатына жабышып бара жатат”. Текшеребиз

ПолитКлиника медиасы бул маалыматты текшерип көрдү.

15-августта “Талибан” жоочулары Афганистандын борбор шаары Кабулду ээлеп алып, бийлик толугу менен алардын көзөмөлүнө өткөн. Ошого байланыштуу “Талибан” режиминен качкан миңден ашуун Афганистандын жарандары аба майданына агылып, учуп кетүүгө аракет кылышкан. “Tolo news” сайтынын маалыматына ылайык, аэропорттогу башаламандыктан улам кеминде 10 адам каза болгон. Алардын кээ бирлери учакка жармашып бара жатканда набыт болушкан.

​“Афганистандын жараны самолеттун канатына жабышып бара жатат”. Текшеребиз

Дал ушул окуялардан кийин интернет айдыңында учактын үстүндө бара жаткан адамдын видеосу бөлүшүлө баштаган.

Биз, “invid” жана “Data viewer” программаларынан бул видеонун 2020-жылдын 18-августунда бөлүшүлгөнүн аныктадык.

​“Афганистандын жараны самолеттун канатына жабышып бара жатат”. Текшеребиз

Аталган видео “когда чихаешь в самолете” деген тамашалуу ат менен чыгып, “коронавирустан улам самолеттун ичинде чүчкүргөн адамды, сырка чыгарып жиберишти” деген мааниде болгон. Анткени 2020-жылдын август айында дүйнө жүзүндөгү бир катар мамлекеттерде коронавирус менен ооругандардын саны көбөйүп, карантиндик чектөөлөр киргизилген.

Башкача айтканда, бул видео монтаждалып жасалган жана тамаша ирээтинде бөлүшүлгөн.

Техникалык жактан мүмкүн эмес

2019-жылы BBC маалымат кызматы учактардын шассилерине жана канатына жабышып учкан адамдар тууралуу маалымат жарыялаган.

Анда дүйнө жүзү боюнча 1947-жылдан 2012-жылга чейин билетсиз учууга аракет кылган 85 учур катталганы айтылат. Маалыматка ылайык, мындай жол менен учуу дээрлик мүмкүн эмес жана өлүм коркунучу жогору. Анткени учак абага көтөрүлгөндө -70 градуска чейин төмөндөп, 5500 метрден жогору кычкылтек кескин азаят. Бул учурда адам дем ала албай, кычкылтектин жетишсиздигинен улам каза болот.

Жыйынтык: Самолеттун канатында бара жаткан адам тууралуу видео 2020-жылы чыгарылган. Анын Афганистандагы кырдаалга тиешеси жок.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты