Эмилбек Жороев: “Пропорционалдык системаны оңдоп-түзөп колдонуу бир топ жеңил болмок” (ВИДЕО)

“ПолитКлиника” медиасынын “Сереп” берүүсүндө “Жогорку Кеңешке шайлоолор тууралуу” мыйзам долбоору жөнүндө — политолог Эмилбек Жороев айтып берди.


— Маселе- аралаш системасы өзү принципиалдуу түрдө болбойт дегенде эмес. Маселе — аралаш системасынын негиздемеси эмнеде? Аралаш системаны колдонгон жерлерде бир мандаттуу, мажоритардык системаны колдонсо, ал конкреттүү бир аймактык өкүлчүлүктү камсыздап берчү ыкма.

Бизде азыр андай болбойт да. Бизде бир райондун өкүлчүлүгүн камсыздай албайт, анткени 35 мандат жетпейт, көбүрөөк болуш керек. Ар бир районго берилди дегенде деле килейген Кара-Суу районунан бир талапкер, дагы кичине, Чоң-Алай районунан бир талапкер болду дейли, анда тең салмактуулук болбой калат.

Экинчи жагынан, биз өзгөртүп, бүгүн, бүгүнкү кырдаалда жазып жатабыз ал мыйзамды. 50-100 жыл бою колдонулуп келе жаткан башка өлкөлөрдүн ыкмасын бизде колдонуу — бир аз логикалык адашуу. Бизде тажрыйба жок. Кыйналып, киргизгенде кандай болгон ошол мамлекеттерде? Аларда деле оңой болгон эмес. Алардын кыйналып өткөн жолун бизге кайталап өтүү керекпи?

Бизде эми калыптанып келе жаткан пропорционалдык системаны оңдоо керек болчу. Аны оңдоо бир топ оңоюраак болмок, аны башкача кылып, аралаш системасына өтүүгө караганда.

Ушундай маанилүү, системдүү түрдө байкалып жаткан кемчиликтер, тобокелчиликтер кантип экинчи-үчүнчү окууга келгенде өзгөртүлүп кетээрин элестете албайм. Долбоордун өзөгү толук бойдон башкачараак болуп калыш керек. Анда ал жаңы долбоор болуп калат. Кантип анын бир жерлерин жөн гана өзгөртүп коюшат?

Мейли, бир мандаттуу округдан 35 мандат аз болуп жатат деп көп кишилер айтып жатат, макул аны көбөйтөлү, анда кайра эле кээ бир райондор 2-3 эсе чоң, башка районго салыштырмалуу. Алар кандай кабыл алынышы мүмкүн, кандай натыйжага алып келет? Шайлоочулардын так санына гана карайбыз, ар бир он-он беш миң шайлоочуга бир мандат беребиз десек, анда ал шайлоочулар кайдан келип калышы мүмкүн? Ошол он миң шайлоочунун бир орток тандоосу болушу мүмкүнбү? Мүмкүн эмес.

Пропорционалдык система тандалып, текшерилип келинген чечим. Бул – ушундай кыйынчылыктардан арылуунун бир жолу. Бизде пропорционалдык системанын иштебей калышы ошол системанын кемчилигинде эмес, бул ошол системаны биз жаман колдонуп жатканыбызда, бурмалап колдонуп жатканыбызда. Менимче, ошол бурмалоону токтотушубуз керек, аны токтотуунун ыкмалары бар. Башка мыйзамдуу жолдору бар. “Биз селдесин ал десе, келмесин” алып койгондой жолго түшүп жатабыз.

Преференциалдык системаны киргизүү боюнча, Алтынбек Сулайманов жана башка депутаттар демилгелеп даярдаган долбоор бар, эгер ошону киргизе турган болсо, ал башка долбоор. Ал сунушталган долбоордун экинчи окуусу эмес, жаңы долбоор болот.

Мен социалдык тармакта жаздым эле, эң оңой жолу, азыркы чакырылыштын мөөнөтү такыр өтүп кетти, азыркы кабыл алынып жаткан чечимдер, берилген добуштарынын легитимдүүлүгү келечекте суракка алынат. Анткени биз мурдагы Конституцияда берилген мөөнөттү өтө одоно, туура эмес колдонуп калганбыз. Азыркы парламент жаңы парламент шайланып келгенге чейин отурат деп айтылып жатпайбы. Бирок ушунча узарып кеткенде, анын Конституциялык чечмелөөсү бар, ал орун албай калган шайлоонун ордуна мүмкүн болушунча тез, жаңы шайлоо дайындалышы керек жана жаңы шайлоого чейин гана отурат деген. А биз аны каалагандай чечмелеп койдук. Азыр парламент мөөнөтүн дагы бир жылга узарта коелу деген сунуш түшсө, андайга “жок, болбойт” деген эч кандай принцип жок. Анткени биз толук мыйзамдык талаадан чыгып калдык.

КЕНЕНИРЭЭК ВИДЕОДО:

Сүрөт: «ПолитКлиника» медиасы.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты