​Чүй облусунда жер титиреди

  • 3 года мурун

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн, 18-июлда, саат 17:45те Чүй облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жер титирөө Кемин районунун Ильич, Боролдой, Кичи-Кемин айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты