​«CASA-1000»: Кыргызстан үчүн электр энергиясын экспорттоодон жылына 80 млн долларга жакын киреше түшөт

Садыр Жапаров 3-апрелде Баткен облусунун Кара-Булак айылындагы «CASA-1000» долбоору алкагында электр өткөрүүчү жогорку вольттуу мамычанын пайдубалына капсула салды жана бул долбоор Кыргызстандын өнүгүшү жана гүлдөп-өсүшү үчүн узак жылдар бою кызмат кыла берүүсүн каалады.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айьылгандай, «CASA-1000» долбоору жай мезгилинде (майдан сентябрга чейин)электр кубатын экспорттоону ишке ашыру үчүн Кыргызстан менен Тажикстандын энергетикалык тутумдарын Афганистан жана Пакистан менен байланыштырган жогорку чыңалуудагы электр өткөргүч линиясын курууну камтыйт.

Долбоордун алкагында керектүү электр тармактар комплексин модернизациялоо, жаңы көмөкчордондорду жана жогорку чыңалуудагы электр берүү линиясын куруу пландаштырылууда.

«CASA-1000» коммерциялык эксплуатациялоо иши бардык зарыл болгон инфраструктуранын курулушу аяктагандан соң эки жылдан кийин башталат. Катышуучу-өлкөлөрдүн алдында жалпысынан1,4 миң чакырым электр зымдарын тартып, Тажикстан менен Пакистанда конвертордук подстанцияларды куруу керек.

Электр чубалгыларынын (ЛЭП) үчтөн бир бөлүгүнөн бир аз көбүрөөк бөлүгү (455 км) Кыргызстандын аймагы аркылуу өтөт, алардын көпчүлүгү Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарынын калкы аз райондорунун аймактарын кесип өтөт.

Долбоордун жалпы наркы 1,1 миллиард АКШ долларын түзөт. Анын ичинен 200 миллион АКШ доллары донорлор — Дүйнөлүк банк, Ислам Өнүктүрүү банкы жана Европа инвестициялык банкы тарабынан каржыланган Кыргызстандын бөлүгү болуп саналат.

Каржылоо 25 жылдан 40 жылга чейинки мөөнөткө жеңилдетилген шартта жүргүзүлдү. Кыргызстан бардык инвестицияларды 15 жылдын ичинде электр энергиясын экспорттоо менен салынган каражатты кайтарып алууну пландаштырууда.

Майдан сентябрга чейин Кыргызстандан Пакистанга жана Афганистанга өндүрүлгөн жайкы электр энергиясынын жылдык берүүсү орто эсеп менен 500 миллиондон 1,5 миллиард киловатт-саатка чейин же бул жалпы көлөмдүн 40%ын түзөт. Ушуга байланыштуу, Кыргызстандын жашоочулары электр энергиясынын жетишсиздигин сезишпейт — керектөөчүлөрдүн ички талабы артыкчылыктуу болуп саналат.

Долбоордун Кыргызстан үчүн негизги пайдасы жыл сайын электр энергиясын экспорттоодон 80 миллион долларга жакын таза киреше түшөт. 15 жылдын ичинде электр энергиясын экспорттоонун жалпы көлөмү 23,3 млрд кВт/саатты түзөт. Ошол эле учурда, «Электр станциялары» ААКнын кирешеси 1,2 млрд АКШ долларынан ашыгыраак, ал эми «Кыргызстан УЭС» ААКсынын кирешеси болжол менен 320 млн АКШ долларын түзөт.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты