Конституция долбооруна каршы болгон активист кармалды

  • 3 года мурун

Бүгүн, 15-мартта, Конституция долбооруна сын айткан активист Тилекмат Куренов Бишкек ИИБинин убактылуу кармоочу жайына 48 саатка кармалды.

Бул тууралуу Жеңиш Молдокматов билдирди.

Молдокматовдун айтымында, активисттин кармалганынын себеби-анын жаңы Конституция долбооруна каршы чыккандыгы.

Ал эми адвокат Амантур Абдрахмановдун ЖМКга берген маалыматында, активист бийликти күч менен басып алууга чакыргандыгы боюнча шектелүүдө.

9-мартта Ак-үйдүн алдында «Ханституцияга» каршыбыз!” аталышындагы тынчтык митинги өткөн. Активист Тилекмат Куренов митингди уюштуруучулардын бири болгон.

Анда чогулгандар «Легитимсиз парламент тарасын», «Президент тез арада парламенттик шайлоону жарыяласын» жана «Конституциянын долбоору жаңы парламентте кеңири талкууланып, эл тандоосуна коюлсун» деген талаптарын коюшкан.

Сүрөттө: Тилекмат Куренов. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты