Жогорку сот Мусакеевдин иши боюнча райондук сот өкүмүн жокко чыгарып, кайра кароого жиберди
- 4 года мурун
Бүгүн, 9-декабрда, Жогорку сот улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин 9-бөлүмүнүн мурдагы башчысы Дамир Мусакеевдин иши боюнча райондук соттун өкүмүн жокко чыгарды. Иш кайра кароо үчүн Бишкек шаарынын Свердлов районуна жөнөтүлдү.
2019-жылдын 24-майында Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда Дамир Мусакеевдин соту болуп, аны беш жылга эркинен ажыратуу өкүмү чыгарылды. Ошондой эле 70 миң сом айп салынган.
Дамир Мусакеевге Кылмыш-Жаза кодексинин 323-беренеси, мыйзамсыз баюу жана 320-берене, кызмат абалынан кыянат пайдалануу боюнча айып тагылган
Дамир Мусакеев Чүй облусунун Молдавановка айылындагы түзөтүү абагында жазасын өтөп жатат.
Сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү