Нурбек Токтакунов: Конституция боюнча референдумду азыр өткөрүүнүн кереги жок (ВИДЕО)

“ПолитКлиника” медиасынын “Сереп”берүүсүндө Конституциялык реформа, алдыда боло турган шайлоолор тууралуу студиябыздын мейманы юрист Нурбек Токтакунов ой-пикирин билдирди.

-Башында БШКнын чечими боюнча 20-декабрда парламенттик шайлоону, президенттик шайлоону өткөрүш керек болчу. Андан кийин, парламенттин жаңы, жетинчи чакырылышы келгенде Конституцияны өзгөртүш керек. Конституция долбоорун аз дегенде жарым жыл талкуулаш керек.

Анткени эл ага ишениш керек. Эл менен талкуу уюштуруу дегенде, кийин Конституцияга каршы болбосун, ишенсин, Конституцияга баш ийсин деген сөз. Бир айдын ичинде Конституцияны өзгөрткөн болбойт. Жөнөкөй кичинекей мыйзамды өзгөртүп жатканда аны бир ай талкуулайт. Ал эми Конституцияны жарым жыл, керек болсо бир жыл талкуулаш керек. Себеби жаңы Конституция жаңы системаны түзөт, жаңы мыйзамдар чыгат. Бул- азыр туура эмес жолго түшүү.

-Мыйзамда карама-каршылыктар болот. Жашоонун көп түрдүүлүгүн, кокустуктарды биз мыйзамга батыра албайбыз. Ошондуктан кээде карама-каршылыктар чыгып жатат. Конституцияда карама-каршылык болуп жатпайбы, парламент 5 жылга шайланат, ал эми башка жерде жазылып жатат, жаңы парламент кийинки чакырылыш келгенге чейин иштей берет деп. Ошондой учурларда мыйзамдын, Конституциянын духу-рухун колдонуш керек. Ошондой убакытта эски парламент кечиктирилгис мыйзамдарды гана кабыл алса болот. Бирок негизги милдети, аракети жаңы парламентти шайлоого, бийликти легитимдештирүүгө жумшалыш керек.

-Конституция долбоору тууралуу пикириңиз кандай, бийлик бутактары боюнча, сөз эркиндиги, жарандардын эркиндиги боюнча сын пикирлерге кошуласызбы?

-Кыйноого тыюу салуу керек. Укук коргоо органдарына кылмыштын бетин эч качан кыйноо менен ачууга болбойт. Мисалы уюшкан кылмыштуулук, терроризм, “ак жакалуулардын” кылмышы дегендерге .

Мен үчүн дагы бир негиздүү маселе, ар бир адам бюджетти талкуулаганга, мамлекеттин акчасын эсептегенге укугу бар, анткени мамлекеттин акчасы биздики да, биз салык төлөйбүз.

Азыр Конституция долбоорунда ар бир адам мамлекеттин колундагы маалыматты алганга укугу бар деген норманы алып салууда. Анткени алар эл, журналисттер өкмөттүн акчасын санаганды үйрөнүп жатат дегенди сезип, коркуп, азыркы бийлик жаап салайын дейт. Жаап салса, анда уурулукка жол ачылат.

Азыр деле уурдап жатат, бирок эл көрүп, жолун тосууда. Эң негизги ката -бийлик бутактарынын тең салмактуулугун, бийликти бөлүштүрүүнү бузуп жатат. Анткени президенттик бийлик дагы эле күчтүү болчу.

Бийлик бутактарынын тең салмактуулугу иштесе, бийликтин бутактары бири-бирин көзөмөл кылып, ошондо мыйзамдуулук өсө баштайт. Анткени бири-бирин көзөмөл кылат, бири-биринин кылмыштарынын бетин ачат, саясий күрөш башталат.

-2010-жылдагы Конституцияда бийлик бутактары кандай бөлүштүрүлгөн?

Пропорционалдуу принцип киргизилип, ал иштей баштады. Ар бир партияда ар кайсы жерлердин лидерлери кирип, трайбализм кичине азайып калды. 4-октябрдагы шайлоонун жокко чыгарылышы деле пропорционалдуу принциптин натыйжасы, анткени көп партиялар келип, үнүн чыгарып, президенттик партияларды жеңди.

Бийликтегилер азыркы Конституцияны жамандап жатышат, коррупция менен күрөшө албай калдык, Конституциянын айынан деп.

Бул калп, анткени Конституцияда парламент Президенттин жетегинде калыш керек делген эмес. Тескерисинче, ал жакта парламенттин үнү болуш керек деп жазылган, керек болсо Президентке каршы сүйлөш керек, тууралап туруш керек. Ошол принциптер жакшылап иштесе, Президент парламентке барып,айла жок, партиялар менен сүйлөшүп бир консенсус иштейт эле.

-Канткенде татыктуу депутаттарды тандап алабыз? Кайра эле ошол депутаттар парламентке келип калбайбы?

— Эл кандай болсо, парламент да ошондой болот.Эл өз добуштарын сатса, андаошондой депутаттар келип калат. Бирок бара-бара элдин деңгээли өсүп жатат. Акыркы шайлоону эле карабайсыңарбы? Мурда ушундай болчу беле?

16 партия күрөштү, анын ичинен негизги партиялар6-7.Сооронбай Жээнбеков ошол күчтүү партияларды парламентке киргизиши керек болчу, ошондо саясат парламенттин ичинде болмок, анда мушташ, саясат, конкуренция парламенттин ичинде болмок. Анда элдин жашоосу оңолот.

А бизде ошондо оппозициялык партияларды көчөгө чыгарып салбадыбы. Анын натыйжасын көрдү. Көчөгө чыгып, төңкөрүш болду.

-“Комитет 93” деген түзүлүп, алар 1993-жылы кабыл алынган Конституцияны негиз катары кабыл алуу тууралуу айтып жатышат.

-Менин оюмча, жашоону артка бура албайбыз. Анткени анда өз алдынча ситуация болчу, азыр башка ситуация. Партиялык системаны түзүп, пропорционалдык система менен ары кете бериш керек. Партиялык системанын көп жакшы жактары бар. Ал системаны иштете алышкан жок. Бирок 7-чакырылышта, Президентке ыктаган күчтөр болбосо, шайлоочулар добушун сатпаса, анда өз алдынча, өз үнү бар партиялар кирсе, саясий күрөш башталат. Саясий күрөш башталганда, мыйзамдуулук болот.

-Конституциянын долбоору боюнча кандай сунуштарды бересиз?

— Конституциялык реформаны жасасак, эң биринчиден,айтып кеттим, Президенттин же болбосо Президент эмес, өкмөт башчысы мамлекет башчысы болуп калат, парламентте жеңген партиялар, өкмөттү тандайт, өкмөттү башкарып, өкмөт парламенттин алдында жооп берет. Президенттердин пайдасы болгон жок, Президент күчүнө киргенден кийин эле бийликтин тең салмактуулугун бузат, коррупциялык “вертикаль” болуп калат.

-“Реформа” партиясы Конституциялык палатага Жогорку Кеңештин легитимдүүлүгү боюнча арыз бериптир. Ал 2-декабрда каралат экен. Бул кандай чечилет деп ойлойсуз7

— Мыйзамды жокко чыгарат деп үмүттөнөм.

Бирок жашоону карап көрүп жатабыз. Парламент азыртан эле Садыр Жапаровдун айтканын жасап калды.

Мен конституциялык палатага көп кайрылгам. Аларга ишеним жок болуп калган. Арасында 2-3өө бар, Конституцияны түшүнгөн, калгандары “чимкирик” юристтер.

-Парламенттик жана президенттик шайлоо, конституциялык реформа, ушул сыяктуу чоң иштер алдында сиздин каалоо-тилектериңиз?

—Садыр Жапаров бир күнү бирди айтат, экинчисинде башканы айтат экен. Азыр кандай башкаруу керектиги боюнча референдум өтөт деп айтты. Азыркы бийликке конституциялык референдумдуөткөрүүгө болбойт. Президентти алсак деле анын көп колдоочулары бар, бирок ага каршы чыккандар да көп болуп жатпайбы.

Ар бир дем алышта референдумга каршы эл чыгууда. Азыркы учурда референдум өткөрүүгө болбойт. Башында парламенттин 7 -чакырылышын шайлаш керек, Конституциялык реформаны жасоо алардын милдети. Азыр аны баштабаш керек. Элге парламенттик деген эмне, президенттик башкаруу деген эмне, жеткирип түшүндүрүш керек. Андан кийин талкуулаш керек. Азыр илимдин докторлору да бул тууралуу так айта албайт. Анткени президенттик система болгон мамлекеттерде деле парламент, сот күчтүү.

Маектешкен Айгүл Бакеева

Сүрөт: “ПолитКлиника” медиасы.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты