“2026-жылга чейин Кыргызстанда күчү 7 баллга жеткен жер титирөөлөр болот”. WhatsApp’та тараган маалыматтарды текшеребиз

Социалдык тармактарда “2026-жылга чейин Кыргызстанда күчү 7 баллга жеткен жер титирөө болот”, “Кыргызстанда Түркиядагыдан эки эсе катуу жер титирөө болот” деген билдирүүлөр тарап жатат.

“2026-жылга чейин Кыргызстанда күчү 7 баллга жеткен жер титирөөлөр болот”. WhatsApp'та тараган маалыматтарды текшеребиз
“2026-жылга чейин Кыргызстанда күчү 7 баллга жеткен жер титирөөлөр болот”. WhatsApp'та тараган маалыматтарды текшеребиз

“ПолитКлиника” медиасы бул билдирүүлөрдү текшерип көрдү. 

Зилзала тууралуу божомолдор 

Кыргызстандын Сейсмология институнун директору Канат Адрахманов 6-мартта “Nomad Press” Ютуб каналына берген маегинде 2008-2026-жылдар аралыгында Кыргызстанда сейсмикалык активдүүлүк болорун, ошондуктан күчү 6 баллга жеткен жер титирөөлөр болушу мүмкүн экенин айткан. 

“Жер титирөө Алайда, Чоң-Алай райондорунда көп катталат. Себеби, бул зонада Индия плитасы Евразия плитасына келип тогошуп, жылына 12-15 миллиметрге чейин түштүктөн түндүккө карай жылып турат. Ошондуктан 2-3 жылда бир күчү 4-5 баллга жеткен жер титирөө болуп турат. 2008-жылдан 2026-жылга чейин өлкөбүздө сейсмикалык активдүүлүк болору күтүлөт, тактап айтканда, көрсөткүчү 6 баллга жеткен жер титирөө болушу мүмкүн. 2026-жылдан тартып сейсмикалык туруктуулук орун алат”, — деп билдирген Канат Абрахманов. 

Башкача айтканда, Сейсмология институту Кыргызстанда 2026-жылга чейин күчү 6 баллга чейин жеткен жер титирөөлөр болушу ыктымал экенин билдиргени чындык.

Кыргызстанда жыл сайын 13 миңге жакын жер титирөө катталат. Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, алардын көбү приборлор менен гана өлчөнүп, көбүнчө сезилбей калат. Ал эми күчү 4-5 баллга жеткен жер титирөөлөрдүн саны жыл сайын ондон ашат.

Күчү 6 баллга жеткен жер титирөөнүн кесепети кандай болот?

Сейсмолог Канат Абдрахманов күчү 6 баллга жеткен  жер титирөө өтө деле коркунуч жаратпасын белгилеген.

“6 баллдык жер силкинүүнүн кубаттуулугу өтө коркунучтуу болбойт. Мисалы, 1992-жылы Суусамырда 9 балл жер титиреп, Бишкекте 6 баллдык силкинүү болуп сезилген. Бишкекте айрым үйлөрдүн гана дубалдары жарака кетип, эл аман калды. Себеби, 6 баллдык жер титирөө өтө коркунучтуу эмес”, -деп айткан.

Белгилей кетсек, ушул жылдын 27-февралында Ысык-Көлдө күчү 5 баллдан 6 баллга чейин жеткен эки жер титирөө катталды. Жер титирөөнүн очогуна жакын жайгашкан айылдарда кыйроолор болгон эмес. 

Башкача айтканда, 6 баллдык зилзала өтө кыйратуучу күчкө ээ эмес жана ал буга чейин да Кыргызстандын аймагында катталып келген. 

Жер титирөө качан болорун алдын ала айтса болобу?

Нидерланддык сейсмолог Фрэнк Хугербитс 3-февралда Twitter’де жарыялаган билдирүүсүндө Түркиянын борбордук жана түштүк аймактарында, Сирияда жана бир катар өлкөлөрдө табигый катаклизмдер болорун эскерткен.

Эртеби-кечпи бул чөлкөмдөрдө — Түркиянын түштүгү жана борбору, Иордания, Сирия жана Ливанда магнитудасы болжолдуу 7.5 баллды түзгөн жер титирөө болот”, – деп жазган Хугербитс. 

Хугербитс жогорудагы билдирүүнү жарыялагандан 3 күн өткөндөн кийин 6-февралда Түркия жана Сириянын аймагында күчү 7,8 баллга жеткен жер титирөө катталган. Түркиянын табигый кырсыктарды башкаруу боюнча агенттиги AFAD билдиргендей, күчү 7,4 баллга жеткен жер титирөөнүн очогу Түркиянын Сирия менен чектешкен жерине жакын жайгашкан Кахраманмараш провинциясы болгон.   Зилзалада  43миң 556 киши каза болгон. 

Бирок сейсмолог Хугербитстин айткандары жөн гана зилзала учуруна туура келип калган деген пикирлер да айтылган. Анткени анын Түркия жана Сириядагы зилзалага чейин айткан башка зилзала тууралуу пикирлери кээ бир учурда дал келген эмес.  

АКШнын Геология кызматы  жер титирөөнү алдын ала айтса болорун, бирок кайсы күнү же кайсы айда болорун так айтуу азырынча мүмкүн эмес экенин билдирген.

 Google’дын жаңы программасы Андроид колдонуучуларга жер титирөөнү алдын ала эскерте алат 

Жер титирөөнү алдын ала эскертүү программасы 2020-жылдын жайында иштелип чыккан жана биринчи жолу Калифорнияда (АКШ) сыналган. Андан кийин Google дүйнө жүзү боюнча жер титирөө жөнүндө эскертүү системасын түзүп жатканын жарыялады.

Google компаниясы аталган система жер титирөөлөрдү алдын ала айтуу ыкмасы эмес экенин баса белгилеген. Бирок ал катуу жер титирөөнүн магнитудасы 4,5тен жогору болгондугун абдан тез аныктап, жер титирөөнүн толкуну аларга жеткенге чейин көп сандагы адамдарга дароо билдирүүгө жөндөмдүү. 

2021-жылдын жай айларында Google жер титирөө жөнүндө эскертүү системасын башка өлкөлөргө да жайылткан. Жалпысынан программа 90дон ашык өлкөдө иштейт.

Жер титирөө жөнүндө эскертүүлөрдү кантип иштетүү керек?

“2026-жылга чейин Кыргызстанда күчү 7 баллга жеткен жер титирөөлөр болот”. WhatsApp'та тараган маалыматтарды текшеребиз
  • Эскертүүлөрдү алуу үчүн түзмөгүңүздө Wi-Fi же мобилдик интернет иштеп туруусу керек;
  • Менюдан “Коопсуздук жана өзгөчө кырдаалдар”, андан кийин “Жер титирөө жөнүндө эскертүүлөрдү” тандаңыз;
  • Эгер “Коопсуздук жана өзгөчө кырдаал” көрүнбөсө, “Жайгашкан жерди”, андан кийин “Кошумча” жана “Жер титирөө жөнүндө эскертүүлөрдү” тандаңыз;
  • Андан кийин “Жер титирөө жөнүндө эскертүү” опциясын күйгүзүңүз.

Сиз аймактагы бардык жер титирөөлөр үчүн эскертүүлөрдү ала албайсыз. Колдонуучуга эскертүү келип, бирок титирөөнү сезбей калышы да мүмкүн.

Apple’дин iOS операциялык тутуму менен иштеген iPhone’дордо жана башка түзмөктөрдө орнотулган эскертме системасы Калифорнияда жана Орегондо, АКШнын штаттарында жана Жапонияда гана жеткиликтүү.

Ошол эле учурда iPhone смартфонуна жер титирөөлөрдү көзөмөлдөөчү үчүнчү тараптын тиркемелерин орнотууга болот. Аларды колдонмо дүкөнүнөн “жер титирөө” деген сөздү издөө аркылуу таба аласыз. Бул функция Android 9 же андан кийинки версияларында гана колдонула турганы жазылган.

Жыйынтык: Кыргызстанда 2026-жылга чейин күчү 6 баллга чейин жеткен жер титирөө боло турганы божомолдонуп жатканы чындык.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты