​БШКнын парламенттик кайра шайлоо мөөнөтү боюнча даттануусун Жогорку сот дагы кайтарды

  • 3 года мурун

30-октябрда Жогорку соттун аныктамасы менен Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) парламенттик кайра шайлоону 20-декабрга дайындоо мөөнөтүн жокко чыгарган кассациялык даттануусу административдик-процесстик кодексинин 203-беренесине ылайык сот актысына даттануу мѳѳнѳтү ѳткѳндүгүнѳ байланыштуу деген негиз менен кайтарылып берилди. Ага чейин мамлекеттик алым, пошлина төлөбөгөндүгү тууралуу негиз менен кайтарылган.

Документтер БШК тарабынан Жогорку сотко өз убагында берилген жана мамлекеттик пошлина да төлөнгөн. Бирок ага карабай, Жогорку сот негизсиз шылтоолорду келтирип, документтерди кайтарып берген.

Анда БШКнын түшүндүрмөсүн келтире кетели:

-27-октябрда БШК «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоону дайындоо жѳнүндѳ» Борбордук шайлоо комиссиясынын 2020-жылдын 21-октябрындагы № 258 токтомун мыйзамсыз деп таануу жана жокко чыгаруу жѳнүндѳ Бишкек шаарынын административдик сотунун чечимине кассациялык даттануу менен кайрылган.
28-октябрда Жогорку соттун административдик иштер боюнча канцеляриясы БШКнын кассациялык даттануусу боюнча 2020-жылдын 30-октябрына саат 15.00 гө соттук отурум дайындалгандыгы жѳнүндѳ маалымдаган.
Ошентип, Борбордук шайлоо комиссиясынын кассациялык даттануусу ѳндүрүшкѳ кабыл алынып, ал боюнча 30-октябрда сот отуруму дайындалган. Мында ошол учурда кассациялык даттанууну кайтарып берүү үчүн сот коллегиясы эч кандай негиздерди караган эмес.
29-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын дарегине кассациялык даттанууну кайтарып берүү тууралуу Жогорку соттун аныктамасы келип түштү.
Мында кассациялык даттанууну кайтарып берүү жѳнүндѳ ѳзүнүн аныктамасында сот коллегиясы кассациялык даттанууга 2020-жылдын 27-октябрында И.Т. Азимов тарабынан алуучу «Жогорку сотко» мамлекеттик алымдын тѳлѳнгѳндүгү тууралуу 2 квитанция тиркелгендигин кѳрсѳткѳн. Бирок алуучу Жогорку сот экендиги так кѳрсѳтүлүп турса да, сот коллегиясы мамлекеттик алымды тѳлѳѳнүн далили катары аталган квитанцияны кабыл алууну укуксуз деп эсептеген жана Борбордук шайлоо комиссиясынын кассациялык даттануусун кайтарып берген.

Мында сот коллегиясы тарабынан тѳмѳндѳгү жагдайлар эске алынган эмес:
— кассациялык даттануу Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан админстрациялык-процесстик кодекстин 203-беренесинде белгиленген мѳѳнѳттѳ берилген;
— Борбордук шайлоо комиссиясынын штаттык кызматкери И.Т. Азимов тарабынан Жогорку соттун эсебине жалпы 700 сом суммасындагы мамлекеттик алым тѳлѳнгѳн.

Ошентип соттук жыйындарды тѳлѳѳнүн зарылдыгы жѳнүндѳ мыйзамдардын талаптары Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аткарылган;

— кассациялык даттанууну кайтаруу жѳнүндѳ аныктама чыгарылган учурда Жогорку сотто БШКнын катышуусу менен башка иштер болгон эмес, ошондуктан мамлекеттик алымдын тѳлѳнгѳн суммасы ушул ишке тийиштүү болгон.

Жогоруда баяндалгандарга байланыштуу, 2020-жылдын 29-октябрында Борбордук шайлоо комиссиясы зарыл кошумча документтерди тиркѳѳ менен кассациялык даттанууну ѳндүрүшкѳ кабыл алуу жѳнүндѳ негизделген арыз менен Жогорку сотко кайрылды. 30-октябрда Жогорку соттун аныктамасы менен БШКнын кассациялык даттануусу адмиинстрациялык-процесстик кодексинин 203-беренесине ылайык сот актысына даттануу мѳѳнѳтү ѳткѳндүгүнѳ байланыштуу кайтарылып берилген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты