Россиядан дагы 312 кыргызстандык келди

  • 4 года мурун

15-августта «Урал Авиалиния» авиакомпаниясынын Санкт-Петербург-Бишкек багыты боюнча чартердик каттамы менен 162 кыргызстандык, “Авиа Траффик Компани” авиакомпаниясынын «Новосибирск – Ош» багыты боюнча чартердик каттамы менен 150 жаран кайтып келди.

Чартердик каттам дүйнөдөгү коронавирус инфекциясынын пандемиясынын жайылышынан чек аралар убактылуу жабылышынан улам чет өлкөдөгү Кыргызстандын жарандарын кайтаруу иштеринин алкагында ишке ашырылган.

Кыргызстандыктар Санкт-Петербург, Новосибирск, Красноярск, Иркутск, Түштүк — Сахалинск, Владивосток, Петропавловск -Камчатск, Якутск, ошондой эле Сибирдин башка шаарларынан келишти.

Бул тууралуу республикалык штаб билдирди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты