​Кастык тилинин кесепеттери. Мигранттардын видеосун анализдейбиз

Кечээ жакында Москвадагы мигрант жигиттердин чогулуп сүйлөшкөн видеосу, кайрылуусу социалдык тармактарда тарады. Ал видеодо кыргыз мигрант жигиттер башка улуттун өкүлдөрү менен мамиле курган кыргыз кыздарды тартипке чакырууга үндөп, аларга эскертүү берип кайрылышкан.

Биз ошол видеодогу “кастык тилин” анализдеп, бул эмне үчүн кооптуу экенин айтып беребиз.

“Кастык тили” деген эмне?

“Кастык тили” – терс баа берүүчү, бирок кээ бирѳѳлѳрдү — башка улут, гендер, диний, же дагы башка социалдык топту кемсинтүүчү, ал тургай ыза кылуучу мүнѳзгѳ ээ жана мыйзамга каршы келе турган тил. Бул аныктама IWPR — “Согушту жана Тынчтыкты чагылдыруучу институттун” колдоосу менен чыккан “Кыргызстанда диний маселелерди чагылдыруу боюнча колдонмодо” жазылган.

Кастык тилинин өзгөчөлүгү адамдын универсалдуу жана Конституция менен камсыз кылынган ой-пикирин билдирүү эркиндиги менен тыгыз байланышта. Бирок, ал экөөнүн ортосунда айырма бар.

“Бизде азыр ушундай болуп жатыптыр, Москвада метро Рублинодо Питерде болгон нерсе үчүн бул жерге чогулдук да. Анан Екатеринбургда. Биздин чогулганыбыздын себеби, биздин кыргыз кыздарга … күйгөн үчүн чогулдук, ачык айтканда, туурабы?… Чогулалык, группаларды создавать этелик, ар бир кыргыз жигит намысын ойготуш керек, кыргызды сабап кетеби, же кыргыз кыз менен көрүп калабы (башка улутту айтып жатат контекстте), ошол группага ыргытып, сүрөт болобу, видео болобу, чогулуп ошол моменттерин чечели, биз ошолорду кылбасак, бирөө бизге кылып бербейт, кыргыз деп постоянно ниже калабыз да. Өзбек, тажик эмелер жок, именно кыргыз кыздар бар. Ошол үчүн бул ситуацияны чечишибиз керек, биримдикке келишибиз керек, туугандар”, — деп айтылат видеодо.

Дагы бир жигит “Жумуштарда, өзбек, кыргыз болуп иштейт да, бардык улуттар бар. Кыздар болот андай жерде сөзсүз. Жүрөбү? Бир эскертели, эки эскертели, укпайбы (сөгүнгөн сөз) түбүнө жетели. Каерден көрсөк дагы (сөгүнгөн сөз) таштайлы, эркекче! Биз ушул жерде кыргыз кыздарга күйгөнүбүз үчүн чогулуп жатабыз. Башка улуттар менен жүрөт, клубдарда, ха-ха тээп, жатып (сөгүнгөн сөз). Алар (сөгүнгөн сөз) сатып, үйбүлөсүн багып жатат да”, — деп айтканын көрүүгө болот.

Кастык тилинин объектиси — бул Россияда иштеп, бирок, башка улуттун өкүлдөрү менен мамиле кылган кыргыз кыздары.

Бул эки цитатадан башка улуттардын өкүлдөрү менен мамиле курган кыргыз кыздарды жалпылоо жолу менен баарын бузулган кыздарга чыгарып жатышат. Анан дагы бул кыздарды кодулоого жол берилип жатат.

Кодулоо

“Кыргыз Республикасынын Конституциясынын” “Адамдын жана жарандын укуктары жана эркиндиктери” деген бөлүмүнүн 16-беренесинде

“Адам укуктары жана эркиндиктери ажырагыс, ал ар бир адамга төрөлгөндөн эле таандык… Эч ким жынысы, расасы, тили, майыптуулугу, этноско таандыктыгы, туткан дини, курагы, саясий же башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлары боюнча кодулоого алынышы мүмкүн эмес”, — деп жазылат.

Ушундай эле укуктар, эркиндиктерди адам укуктары боюнча бардык эл аралык документтерде жазылат.

Демек, ар бир жаран, өзү каалаган улуттагы, расадагы, социалдык топтогу башка жарандар менен мамиле курууга укуктуу жана ага эч ким бөгөт койгонго акысы жок.

Бул видеодо “башка улут менен жүргөн кыздарын баары бузулган” деген жалпылоочу термин колдонулуп жатат. Анан дагы алардын баары денесин сатып үйбүлөсүн багат деген божомолду айтып жатышат.

“Бул негативдүү образ түзүүдөгү кастык тилинин дагы бир ыкмасы эч кандай фактыга негизделбеген жалпылоочу ыкма, стереотиптер жана божомолдор”, — экенин айтат медиаэксперт Инга Сикорская.

Мисалы, бул жерде өзүнө жар катары башка улуттун жигитин тандагысы келип, сүйлөшуп, мамиле куруп, жакшынакай эле жүргөн кыздар дагы жалпылоочу термин аркылуу башкаларга жек көрүндү болуп, кодулоого туш болушу мүмкүн.

Коркутуу

Ал гана эмес, мындай кыздарды коркутуу сөздөрү дагы айтылат.

“Ушул видеону көргөн, кыргыз кыздар, эсиңерге келгиле, ушул акыркы эскертүү, парктан, көчөдөн көргөн жерде, уже бүттү”.

Мындай түшүнүк, стереотипти башка жарандар да өзүнө сиңирип, ал кыздар жакшынакай жүргөн кезде деле жок жерден кыздарга зомбулук көрсөтүп башташы мүмкүн.

“Отуруп сиз бул стереотиптерге кѳнүп каласыз жана дал ушундай ойлоп, айта баштайсыз. Бирок, мыйзам боюнча мындай конструкциялар укукка каршы деп айтылса дагы, белгилүү бир социалдык жана саясий контекстте алар терс кесепетке алып келип, ал тургай зомбулукка жол ачышы мүмкүн. Бул болсо, кастык тилинин ѳзгѳртүлгѳн формасында чагылдырылышы толук ыктымал дегенди билдирет”, — дейт медиаэксперт Инга Сикорская.

Мындай мисал, буга чейин өздөрүн “Патриоттор” деп санап, Орусиядагы мигрант кыздарды чечинтип, сабап, сөгүп, кордогон учурлардын дагы кайталанып кетишине шыкакчы болот.

“Түндүк-Түштүк болуп бөлүнгөндү токтоткула, анын кимге кереги бар? Бириксек баарын (сөгүнгөн сөз) түшөбүз!”

“Биз ынтымакта болсок, бизге эч ким сайыла албайт. Мисалы, чечен болобу, дагестан болобу, эч ким сайыла албайт? Кыргыздарды аз деп коюшат. Потому что, ынтымак жок. Ойгонгула, кыргыздар? Намысыңар барбы?

Бул цитаталарда дагы башка улуттарды жек көрүүгө жана аларга каршы турууга чакырыктар айтылган.

“Кастык тили” дүйнө жүзүндөгү көйгөй

БУУнун сөз эркиндиги боюнча эксперти Дэвид Кайе кастык тили интернет желелеринде өтө бат ылдамдык менен тарап жатканын белгилейт.

“Кастык тили виртуалдык дүйнөдө өтө бат ылдамдык менен тарап жатат. Жыйынтыгында олуттуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Аны колдонуунун башкы максаты башкалардын үнүн басуу болуп саналат. Маселе, биз муну менен кантип күрөшүүбүз керекпи дегенде эмес, маселе кантип күрөшөбүз дегенде. Анткени, кастык тили менен күрөшүү адам укугун бузбай жүрүүсү керек”, — дейт Кайе.

Ар бир адам кастык тилдин курмандыгы болуп калышы мүмкүн. Анткени, биз баарыбыз кайсы бир улуттун, кайсы бир гендердик, же социалдык топтун мүчөсүбүз. Азыркы учурда, сиз кодулап жаткан адамдар менен бир топко кирип, алардын пикирин кубаттап жаткан болсоңуз дагы, кайсы бир учурда сиздин улутуңуз, гендердик тобуңуз, социалдык тобуңузду жактырбай, кодулаган, андан иренжиген башка топ пайда болуп калышы мүмкүн.

Ошондуктан “Артикль 19” уюмунун эксперти Йоанна Шиманьска кодуланып жаткан топ менен бирге болууну сунуштайт, алар менен пикириңиз келишпесе дагы.

Интернеттеги кастык тилине кантип каршы туруу керек? “Артикль 19дун” кеңештери:

  • Кастык тилинен запкы жеп жаткандарды колдоңуз. Аларды колдогон комментарийлерди калтырыңыз, алар менен тилектеш болуңуз.
  • Аргументтер менен сүйлөңүз. Интернет желесинде адамдар тууралуу жалган маалыматтар жана мифтер тарап жүргөн болушу мүмкүн.
  • Толеранттуу жана сабырдуу болуңуз. Кастык тилине кастык тил менен жооп берип, провокацияга жол бербеңиз. Же сабырдуу талкуу алып барыңыз, же талкууну игнор кылып коюңуз.

ПолитКлиника

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты