Үзүл-кесил электр кубаты
- 4 года мурун
- Иликтөөлөр
Мамлекеттик стандартка ылайык, электр түйүндөгү чыңалуу деңгээли — 220 вольт болушу керек. Кыргызстандын айрым аймактарынын жашоочулары электр энергиянын сапатсыз берилип жатканын билдирүүдө.
Айрыкча бул кыш мезгилинде байкалат.
Бул материал Cabar.asia аналитикалык порталы менен бирге жасалды.
Журналисттер өлкөнүн ар кайсы жактарындагы түйүндөгү чыңалуу деңгээлин ченеп, фактыларды ушул материалда көрсөтүштү.
Борбордон аймактарга чейин
Биз иликтөөбүздү республиканын үч аймагында — Бишкек, Каракол жана Баткенде жүргүздүк.
Электр түйүндөрүндөгү чыңалуунун деңгээлин аныкташ үчүн биз вольтметрди колубузга алып ченеп, түйүндөрдө электр кубаты стандарттагы 220/380 вольт эмес экенин аныктадык.
Алсак, Каракол шаарынын ар кайсы райондорунда түйүндөгү электр чыңалуусу жогору дегенде 190 вольт, ал эми төмөнкү деңгээли 150 вольт болду.
Караколдуктардын пикиринде, саат 7:009:00 , 19:00 дөн 21:00 чейин электр чыңалуусу 140 вольтко чейин түшүп калат.
“Чыңалуу күчү абдан төмөн, кышкысын жылыткыч ысыбай калат, үй суук. Анын үстүнө биздин үйлөр борбордук жылытуудан алынып салынган, үйдү бир гана жылыткычтар менен жылытабыз. Чөөгүн 40 мүнөттө кайнайт. Эртең мененкисин балама тамак бере албай калам, электр энергиянын айынан” деп айтышат.
Кирпич заводу тарапта-вольтметрдин көрсөткөнү
Каракол шаарынын төмөнкү райондорунда абал андан да жаман, вольметр түйүндөгү 160 вольтту көрсөтүп турат.
Тургундар кадимки лампочка араң эле кызарып турганда тиричилик техникасын жана жылыткычтарды кантип колдоносуң деп кейип турушат.
Валиханов көчөсүндөгү атын атагысы келбеген тургундардын бири керектөөчүлөргө мындай сапаттагы электр энергиясынын берилишине кабатыр.
“Ушундай көрүнүш ар дайым болуп келет. Мындан ары эмне болорун элестетүү кыйын. Жакшы жагына жылышты көрө албай турабыз” деди ал.
Вольтметрибиз менен Каракол шаарынан Баткен облусуна жөнөйлү.
Баткенде “ Подстанция” айылындагы электр чыңалуусун ченеп көрөлү. Мында да жыйынтык кубантарлык эмес, чыңалуу 120 вольтту көрсөтүп турат, кээде гана 140 вольтко чейин көтөрүлүп кетет.
Бул айылдын тургундарынын айтуусу боюнча, кечкисин абал андан да начарлайт.
“Биз анда электр буюмдарын саймак түгүл, лампочка араң үлбүлдөп турганда, караңгыда карайлап, балдар менен сабак окуй албай калабыз. Мурда биздин айылда электр жарыгы такыр эле жок болчу. Электр жарыгын өз күчүбүз менен киргиздирип алганбыз, бирок электр кубаты начар болууда” деп айтты айыл тургуну Атыркүл Аширова.
Электр түйүндөрүндөгү чыңалуунун деңгээлин ченөөнү Бишкек шаары менен аяктайбыз.
Бишкектеги абал
Бишкекте дагы чыңалуу 220 вольт эмес болуп чыкты. Күз-кыш айларындатүйүндөрдөгү чыңалуу дайыма өйдөдөн төмөн секирип турат.
Бишкектин тургуну Роман Помазков, журналисттерге чыңалуунун деңгээли төмөн болгондуктан, тиричилик техникасы нормалдуу иштебей, бузулуп кала турганын айтты.
“Электроэнергиянын сапаты жакшырууну талап кылат. Дайым эле түйүндөгү чыңалуу туруктуу боло бербейт, кээде 220 вольттон жогорулап кетет, кээде андан да төмөн түшөт” деп билдирди Помазков
Келишим шарттары аткарылбайт
Электр энергиясынын эрежелерине ылайык, электр энергия берүүчү тарап үзгүлтүксүз, коопсуз, сапаттуу 5 кВт электр энергияны берип туруш керек, ошондой эле чыңалуу күчү 220/380 вольт болушу шарт.
“Биз түйүндөгү чыңалуу сапатын текшерип, үйлөрдү кыдырдык. Анда чыңалуу төмөн болгон же өйдө-төмөн секирген учурду аныктаган жокпуз. Эгер андай болуп калса, дароо аныктайбыз. А сиз вольтметр айрым жерлерде 220 вольттон төмөн көрсөтүп жатканы боюнча айтканыңызга жооп: андай болушу мүмкүн эмес. Балким, жаңы конуш жактарда болушу ыктымал, себеби алар жалпы түйүнгө толук кандуу кошулган эмес.
Албетте, мында биздин күнөөбүз жок. Ал эми калган керектөөчүлөрдү биз толук кандуу, сапаттуу электроэнергия менен камсыздайбыз” деди “Чыгышэлектро” ачык акционердик коомунун техникалык бөлүмүнүн башчысы Шамза Соодонбеков.
Кыймылдаткычы бар кандай гана электр буюму болбосун, мисалы, кир жуугуч машина, чаң соргуч, фен, “микроволновка” электр энергияны үч эсеге көп пайдалана баштайт.
Андай иш режими кыймылдаткычты ысытып, электр буюмун тез жарактан чыгарат. Ток алуу блогу бар буюмдар, мисалы, телевизор, экстремалдык режимге өтүп кетет, ал дагы алардын иштешин 30-40 % га кыскартат. Чыңалуунун төмөн болушу, тиричилик техникасына терс таасирин тийгизет.
Электр энергиянын “секирүүсүнөн” жапа чеккен Каракол шаарынын тургуну Мира Абдраимова, түйүндөгү чыңалуунун өйдө-төмөн болушунан техникасы, чөөгүн, суу кайнаткыч, үй жылыткыч жараксыз болуп калганын айтты.
“Тааныштарыбыз бул боюнча бизди тиешелүү органга кайрылууга чакырган, бирок биздин үй-бүлө андан кандайдыр пайда болоруна ишенбейт” деди Абдраимова.
“Чыгышэлектро” ААКынын техникалык бөлүмүнүн башчысы Шамза Соодонбеков, керектөөчүлөрдүн тиричилик техникасынын күйүп кеткендиги, анын ээсинен ишенимдүү далилдерди талап кылат.
Ал эми алар далили менен тигил же бул райондун РЭСиин диспетчерине кайрылышы керек. РЭСтин кызматкерлдери 6 саат ичинде келип, акт түзүшү керек. Эгер керектөөчүлөр кайрылбаса, анда анысы далилденбей калат. РЭСтен чакырылган киши келбей калса, анда мамлекеттик Экотехинспекцияга кайрылыш керек. Түзүлгөн акттын негизинде анын бузулуу себеби аныкталат.
Компетенттүү органдар бузулуунун себебин аныктагандан кийин керектөөчү күнөөлүбү же электр энергия берүүчү күнөөлүбү, анысы такталат. Анын натыйжасында, Кыргыз Республикасынын электр энергия пайдалануу эрежелери жана электр энергия тууралуу мыйзамдын негизинде жооп беришет.
Чыңалуунун төмөндүгү электр буюмдарына зыяндуу
Светодиод лампаларынын иштеши 3-4 эсе азаят. Кубаттуулукту сактап туруучу лампалар күйүп-өчүп, тез бузулушу мүмкүн.
Ал эми нурлануу лампалары чыдамдуураак, алар жарыкты үлбүлдөп берип калат, бирок алар деле күйүп кетет.
Кесиби электрик, ошондой эле Караколдогу “Электрик” дүкөнүнүн ээси Данияр Конокбаев электр түйүнүндөгү көптөгөн көйгөйлөрдөн, алардын эскиргенинен, кээде көп электр кубатын алып, кээде аз алып, көп күч келгендиктен, тиричиликтеги электр техникасына терс таасирин тийгизерин белгиледи.
“Чыңалуу төмөн тарабынан башталат да, жогору жагына өтүп, кайра ылдыйлайт, айрыкча кыш мезгилдеринде.
Жеке үйлөрдө электр энергиясын колдонуу жогорулаганда, трансформаторлордо чыңалуу жогорулайт да, электр энергиясына башында туташкандарга көбүрөөк берилип, кийинки кошулгандар, азыраак электр энергиясын алат.
Чыңалуу жогору болгон учурларда электр жабдуулары тез иштен чыгат.
Чыңалуу аз болгон учурларда электр жабдуулар жана электр кыймылдаткычтары начарлап же ашыкча ысып кетип, алардын иштөө мөөнөтү да кыскарат. Булардын баары электр жабдууларынын ишине терс таасирин тийгизип, алардын узак иштешине тоскоол келтирет” деди Д. Конокбаев.
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2012-жылдын 22-августундагы “Электр энергиясын пайдалануу эрежелерин бекитүү тууралуу № 576 токтомунда электр энергиясын пайдалануунун бардык стандарт, ченем, эрежелери жазылган.
Керектөөчүлөрдүн тиричилик техникасын электр энергиясы менен жабдуу келишиминде, энергия берүүчүнүн милдеттеринин бири №2 пунктта даана көрсөтүлгөн “электр энергиясын берүүчү керектөөчүгө ага керектүү өлчөмдө жана квт кубаттуулукта үзгүлтүксүз, жарамдуу, коопсуз жана сапаттуу электр энергиясы менен камсыздап турушу керек, ошондой эле 220/380 вольт кубаттуулуктагы электр энергияны камсыздап турууга тийиш.
Бирок келишимдеги электр энергия берүүчүнүн милдеттери так аткарылбайт, айрыкча күз-кыш мезгилиндерде.
Биз комментарий үчүн “Чыгыш электро” жана “Түндүк электро” ААКына кайрылдык. Бизге алар мониторинг жүргүзүлгөнүн жана түйүндөгү электркубаты стандартка туура келерине ишенгендиктерин билдиришти.
“Жабдууларды тейлөө боюнча чечим чыгаруу секторунда чыңалуунун ар кыл класстагы деңгээли бар, б.а. жогорку вольттуу 35 квт, 10 квт, ошондой эле кичи вольттуу класстар бар.
Бир фазалуу керектөөчүлөр-220 вольт, үч фазалуу-380 вольт.
Эл аралык, мамлекеттер аралык стандартка жараша +/- 10% секирүүгө жол берилет, андан ашыкка жол берилбейт.
Ооба, андай факты жок деп айтпайбыз, андайлар кээде кездешет, -деди “Чыгыш электро” ААК техникалык бөлүмдүн башчысы.
“3-4 жыл болуп калды, электр энергиянын сатуу жагында иштеген кызматкерлерди ар бир тиричилик абоненти менен келишим түзгүлө деп айтып келебиз, анда электр энергиясын колдонуу жагы ийне-жибине чейин белгиленсин деп талап койгонбуз.
“Ошэлектронун” дээрлик бардык абоненттери менен келишим түзгөнбүз, алардын саны 420 миңден ашык абонент” деди “Түндүк электро ААК басма сөз бөлүмүнүн адиси Бегимай Төрөбаева.
Стабилизаторлор жардамга келгенде
Электр энергиясынын ар бир колдонуучусу стабилизаторду пайдаланып, түйүндөгү чыңалуунун сапатын өз алдынча жакшырта алат. Стабилизаторлордун бир нече түрү болот: инвентардык, латердик-механикалык жана эң жөнөкөй түрү. Ошондой эле баасы жагынан алымдуусу реле тибиндеги стабилизатор.
Алар 140 вольттон 260 вольтко чейин, төмөнкү чыңалууда иштей алышат, б.а. 140 вольттон 220га вольтко чейин көтөрүп жана 260 вольттон 220 вольтко чейин түшүрүп.
Латер – механикалык тибинде, алар реле тибиндегиден бир аз кымбатыраак, сапаты боюнча негизинен алар бирдей болушат.
Чыңалуу стабилизаторун жалпысынан пайдаланууга биз кеңеш беребиз, себеби эң жок дегенде, электр энергияны үнөмдөйсүңөр, экинчиден, электр жабдууларынын сапаттуу иштешин камсыздай аласыңар.
Ошондой эле электр жабдууларын үнөмдөп, өз үйүңөрдү ашыкча электр энергия коротуудан, чыңалуу секиригинен сактап кала аласыңар” деп улантты сөзүн Д. Конокбаев.
Туура даттана билгиле
Энергетиктер электр энергиясын туура колдоно билүү эрежесин бузуп жатышат, себеби абоненттер керектөө лимитин сактабай жатышат.
Бирок тармактын адистери жараксыз техниканын ордун толтуруудан канчалык качышпасын, алар эч нерсе жасай алышпайт.
Көйгөй керектөөчүлөр унчукпай отуруп калышканында жана энергетиктер менен араздашууга барбаганында.
Ошентсе да бир канча жүздөгөн сот иштери бар, дооматты да туура коё билиш керек.
ГОСТко ылайык, түйүндө 209-231 вольттун тегерегинде, ал эми авария учурларында 198-242 нин тегерегинде болсо, электр энергия сапаттуу деп эсептелинет.
Абонент сапатсыз электр энергиянын акысын төлөөдөн баш тартып койсо болот. Товар жеткирүү актысында электр энергиянын сапатынын жакшы эместигин, андан келип чыккан материалдык чыгымдарды көрсөтүп койсо болот. Бул тууралуу товар берүүчүнү алдын ала эскертип коюу шарт.
Эгер тиричилик техникасынын иштен чыгышына чыңалуунун секириги себеп болсо, анда соттук экспертизанын мамлекеттик борборуна кайрылыш керек.
Эгер бөлүштүрүүчү компания өз каалоосу менен келтирилген чыгымды төлөп бергиси келбесе,сотко доо арыз берерде документ керек болот.
Юристтен кеңеш
1. РЭСке чалып сиздин түйүндө чыңалуу төмөн болуп жатканын айтыңыз.
2 . Сиз чалганда же жазуу жүзүндө кайрылганда телефон алган же жолуккан диспетчердин фамилиясын сурап алыңыз.
3. Ошондой элемамэкотехинспекциянын өкүлүн да чакырсаңыз болот.
4. Эгер жазуу түрүндөгү кайрылууңузга6 саат ичинде жооп болбосо, диспетчер келбесе, бир түйүндөн пайдаланган 3 колдонуучу кол коюп, анын себебин түшүндүрүү үчүн тиешелүү органдарга берүү керек.
Айгүл Такырбашева
Сүрөттөрү: Улан Мукамбаевдики.