Институт Медиа полиси: УКМК сунуштаган “Жарандык процессуалдык кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» демилге чакыртып алынышы керек

Институт Медиа полиси Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети КР Жарандык процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбооруна анализ жасап, ал долбоор чакыртып алынышы керек деген чечимге келди.

Төмөндө ал мыйзам долбоору талдоого алынды.

Кандай өзгөртүүлөр сунушталууда?

2020-жылы 31-мартта КР Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети “Кыргыз Республикасынын Жарандык процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун жана КР “Террорчулукка каршы иш-аракет жүргүзүү жөнүндө” мыйзам долбоорун бирдиктүү мыйзам долбоор топтому катары коомдук талкууга алып чыкты .

Негиздеме маалымкаттан көрүнүп тургандай, “Кыргыз Республикасынын Жарандык процессуалдык кодексине (КР ЖПК) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорундагы сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдүн максаты – “Кыргыз Республикасынын (КР) террорчулукка каршы иш-аракет чөйрөсүндөгү ченемдик-укуктук актыларынын шайкеш келишин камсыздоо”.

Мыйзам долбоорунда КР ЖПК 261-1-беренесин өзгөртүп, төмөнкүдөй редакцияда баяндоо сунуш кылынууда:

“Прокурор өз компетенциясынын чегинде экстремисттик же террористтик ишти жасоого чакырган же болбосо аны жасоонун зарылдыгын негиздеген же актаган уюмдарды, ошондой эле маалымат материалдарын экстремисттик же террористтик деп таануу жөнүндө арыз менен терроризмге каршы аракеттенүүчү мамлекеттик органдардын сунуштамасы боюнча ушул Кодекстин 4-главасында белгиленген сотко караштуулук жөнүндө эрежелерди сактоо менен сотко кайрылууга укуктуу.”

Материалдарды экстремисттик деп таанууга башка уюмдар менен катар ЖМК да киргизилип калган

Негиздеме маалымкатта сунушталып жаткан долбоор колдонуудагы мыйзамдарга каршы келбейт деп белгиленген. Бирок, террорчулукка каршы иш-аракет жүргүзүү чөйрөсүндөгү мыйзам долбоорун сунуштап жатып, демилгечилер экстремизмге каршы иш жүргүзүү чөйрөсүнө да кирип кетүүдө. Материалдарды экстремисттик деп таануу тартиби жөнүндөгү ченемге укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарына тикелей таасир тийгидей башка уюмдар менен катар ЖМК да кошумча киргизилип калган.

КР “Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндө” мыйзамынын 20-беренесине ылайык, жарандардын конституциялык укуктары менен эркиндиктерине, ошондой эле ЖМК ишмердигине таасир эте турган ченемдик-укуктук актылардын долбоорлору укуктук, укук коргоочулук, гендерлик, экологиялык, коррупцияга каршы жана башка илимий экспертизадан өткөрүлүшү кажет. Тийиштүү түрдө жарандык коом илимий экспертизалардын жана КР Юстиция министрлиги өткөргөн экспертизалардын тыянактары менен таанышып көрүүгө укуктуу.

КР “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин регламенти жөнүндө” мыйзамынын 3-бөлүгүндөгү 115-беренесине ылайык, жарандардын конституциялык укуктарын, эркиндиктерин жана милдеттерин, коммерциялык эмес уюмдар менен жалпыга маалымдоо каражаттарынын укуктук макамын камсыздоо жана укук бузууларга каршы күрөш жөнүндө мыйзам долбоорлору боюнча парламенттик угуулар милдеттүү түрдө өткөрүлүүгө тийиш.

Бирок таажы вирус пандемиясына байланыштуу азыркы кезде КР “Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндө” мыйзамынын 22-беренесине ылайык, уюмдарды (мунун ичинен ЖМКны да) террордук же экстремисттик деп таануу жөнүндөгү сунушталып жаткан түзөтүүлөр боюнча парламенттик угууларды өткөрүү жана тийиштүү түрдө, талаптагыдай коомдук талкууларды уюштуруу мүмкүн эмес.

Экстремисттик иш-аракеттерге каршы иш жүргүзүү жөнүндөгү колдонуудагы мыйзамда жалпы эле экстремисттик деп бириктирилген укук бузуулардын ар түрдүү, кеӊири тизмелери бар экендигин, сунушталып жаткан мыйзам долбоору жалпысынан укук бузуулардын алдын алуу чарасынан адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин басып салуу каражатына айланып калуу коркунучу даана көрүнүп турат. Жалпысынан алганда, бул мыйзам долбоору эркин ЖМКлардын ишмердигине коркунуч туудурат жана төмөндө баяндалган бир катар себептерге байланыштуу, анын кабыл алынышына жол бербеш керек:

1. Сунушталып жаткан мыйзам долбоору анын жарыя айтылган концепциясына каршы келет

Уюмдарды экстремисттик деп таануу жагынан сунушталып жаткан түзөтүүлөр демилгечилер долбоордун максаты катары “уюмдарды террордук деп таануу жөнүндөгү өндүрүш жагынан кенемтелерди толуктоо” деп жарыя айтылган концепциясына туура келбейт.

Материалдык укуктун ченемдерин (“экстремизм” жана “террорчулук” түшүнүктөрүнүн укуктук табиятын) жаӊылыш чечмелөө укук колдонуу жана сот практикасында катачылыктарга жол ачат. Террорчулук жана экстремизм сыяктуу кылмыштарды карапайым адамдар эле эмес, саясатчылар да бирдей маанидеги түшүнүктөр катары колдонуп жүрүшөт, бирок юриспруденциянын теоретиктери үчүн булардын бирдей эместиги даана көрүнүп турууга тийиш.

Дал ошондуктан экстремисттик нуктагы кылмыштар биздин Жазык кодексибизде “Конституциялык түзүлүштүн негиздерине жана мамлекеттин коопсуздугуна каршы кылмыштар” главасындагы “мамлекеттик бийликке каршы кылмыштар” бөлүмүнө киргизилген. Мында кылмыш объекти болуп адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктери, Кыргыз Республикасынын конституциялык түзүмү жана саясий тутуму саналат. Ал эми террорчулук кылмыштар “коомдук коопсуздукка каршы кылмыштар” главасындагы “коомдук коопсуздукка жана коомдук тартипке каршы кылмыштар” бөлүмүнө киргизилген. Ал кылмыштарды кылмышкер көздөгөнүнө жетиш үчүн ашынган чараларды колдонуу же колдоном деп опузалоо аркылуу калкты коркутуу жана бийлик органдарына кысым көрсөтүү менен жасайт.

2. Мыйзам долбоору ЖМКга аларга туура келбеген иш-милдеттерди таӊуулайт жана КР Конституциясына каршы келет

Жалпысынан алганда, сунушталып жаткан мыйзам долбоору КР “Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө» мыйзамынын кемчиликтерине байланышкан маселелерди дагы бир ирет козгоп жатат. Анын мазмунунда экстремизмге концептуалдык аныктама берилбей калган. Мыйзамда экстремизм түшүнүгү ар түрдүү жосундардын, мунун ичинен мисалы төмөнкүлөргө багытталган иш-аракеттердин тизмеги аркылуу чечмеленген:

Кыргыз Республикасынын конституциялык түзүлүшүнүн негиздерин күчкө салып өзгөртүү жана бүтүндүгүн бузууга;

Кыргыз Республикасынын коопсуздугун бузууга;

расалык, улуттук (этностор аралык) же диний араздашууларды козутууга, ошондой эле күч колдонууга же күч колдонууну үгүттөө менен байланышкан социалдык араздашууларды козутууга;

улуттук ар-намысты кемсинтүүгө;

динге, социалдык, расалык, улуттук (этностук), диний же тилге тиешелүүлүгү жагынан жарандардын өзгөчөлүгүн, артыкчылыгын же кемдигин пропагандалоого;

экстремисттик уюмдардын атрибутикаларын же символикаларын пропагандалоого – аталган аракеттерди жасоого элди үндөө же аталган аракеттерди жасоого (1-бер.).

Бул тизмекте көрсөтүлгөн экстремисттик иштердин түрлөрүнүн көпчүлүгү сөз эркиндигин жана пикир айтуу эркиндигин чектөө менен байланышкан. Ал гана эмес, жогоруда көрсөтүлгөн жосундар кыйла кеӊири чечмеленгидей, формалдуу белгилерине карап эле көптөгөн ойлорду жана материалдарды экстремисттик деп табууга жол бергидей туюнтулган.

Мамлекеттик жана расмий тилдердеги мыйзам долбоорлорун иликтеп көргөндө, уюмдардын ошондой эле маалымат материалдарынын экстремисттик жана террордук деп таанылышы бир эле убакта жүзөгө ашырыларын түшүнөбүз. Уюмдун экстремисттик же террордук деп таанылышы КР Жарандык кодексинин 96-беренесинин 2-бөлүгүндөгү талаптарга ылайык юридикалык жактын жок кылынышына алып келет.

Демек, бул мыйзам боюнча экстремисттик мааниде экенин билбей маалыматты тараткан ЖМКны жаап салууга уруксат берилет. Мындай ченем укук сактоо органдарынын жөнү жок жазык куугунтугуна тиешелүү иштерди ачуу аркылуу өз ыйгарым укуктарын кыянат пайдалануусуна мүмкүнчүлүк түзөрү даана көрүнүп турат.

ЖМК өзүнүн күнүмдүк ишмердигинде түркүн окуяларды чагылдырат, маектерди уюштуруп, жаӊылыктарды, талдоо материалдарды ж.б. элге жеткирип турат. Экстремисттик же террордук деп таанылуучу иш-аракеттердин түрү көп, аларды айырмалоо үчүн айрым учурларда филология, лингвистика жана укук жааттарындагы атайын билимдер талап кылынат. Бирок ЖМК редакциясы укук сактоочу же сот органы эмес болгондуктан, ага өзүнө мүнөздүү эмес укук сактоо же сот органдарынын иш-милдеттери жүктөлбөшү керек. Өзүнүн миссиясын орундаганда, ЖМК биринчи кезекте коомчулукка өлкөдөгү иштердин жагдайы, бийликтегилердин калктын укуктарына жана мыйзамдуу кызыкчылыктарына таасир эте турган чечимдери жөнүндө орчундуу маалыматтарды жеткирип турушу керек.

Бул түзөтүүлөр КР Конституциясынын 20-бер. 2-п. боюнча укуктар менен эркиндиктерди чектөөнүн белгиленген тартибине каршы келет – ар кандай чектөөлөр мыйзам менен аныкталууга тийиш, ошондой эле киргизилүүчү “чектөөлөр көрсөтүлгөн максаттарга өлчөмдөш болушу керек”. Бул жерде өлчөмдөш деп, бир жагынан, аша чаппаган жана экинчи жагынан, башка адамдардын укуктары менен эркиндиктерин коргоого мүмкүндүк берип, конституциялык маанидеги максаттарга жетишүүгө жол ачкыдай чечимдерди айтууга болот.

“Сентябрь” каналын жапканда ушундай болгон. Бул канал 2016.29.09да түз эфирде ички иштер тутумунун мурдагы жогорку даражадагы кызматкери А. Капаров менен болгон маекти көрсөткөн эле. Ал ошондо өлкөдөгү кырдаал боюнча өзүнүн пикирин айткан болчу. Ал материал 2017-жылы экстремисттик деп табылып, лингвистикалык экспертизадан да ушундай бааланды дешкен. Бирок сот далилдерди иликтеген эмес, анткени иштин материалдарында А. Капаровдун сөзү жазылган тасма жок эле, ошондой эле келтирилген лингвисткалык экспертиза такыр башка видеоматериал боюнча даярдалган болуп чыкты. Ошентип, КР ЖПК 25-1-главасындагы талаптарды туура эмес колдонуп, мамлекет бүтүндөй телеканалдын иштеп турушуна тыюу салды. Чындыгында мыйзам боюнча конкреттүү материалдын гана экстремисттик мүнөздө экендигин далилдеп, тийиштүү чечим чыгарыш керек эле. Эгер парламент мыйзам долбоорун сунушталып жаткан редакциясында кабыл алса, анда ЖМКга карата ушундай мыйзамсыз иш-аракеттер, бийликтегилер көздөгөндөй, мыйзамдаштырылып калат.

3. Мыйзам долбоору уюмдарды, мунун ичинен ЖМКны тездетилген тартипте мажбурлап жаап салууга жол берип коёт

Түзөтүүлөрдө уюмду (мунун ичинен ЖМКны) 3-5 күн ичинде экстремисттик же террордук деп табуу жөнүндө чечим кабыл алуу механизми сунушталууда. 25-1-глава боюнча колдонуудагы механизмде кайсы бир материалды экстремисттик же террордук деп табууга болор-болбостугу жөнүндө маселени үч күндүк мөөнөттө кароо керектиги көрсөтүлгөн.

Уюмга карата мындай жөнөкөйлөтүлгөн механизмди колдонууга жол берилбеши керек, анткени уюмдун, муну менен катар ЖМКнын ишмердигин ушунчалык кыска мөөнөттө ар тараптуу жана толук изилдеп чыгуу мүмкүн эмес.

Уюмдун (бул жерде – ЖМКнын) террордук же экстремисттик багытта иш жүргүзөрү жөнүндөгү суроого анык жоопту 3-5 күндө алуу мүмкүн эмес. Анткени КР “Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө» мыйзамынын 11-беренесинин талаптарына ылайык ишмердикти токтотуу маселесин караштыруу үчүн төмөнкүлөрдү аныктоо зарыл:

— адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин бузулгандыгын,

— жарандардын инсандыгына, ден соолугуна, айлана-чөйрөгө, коомдук тартипке, жеке жана/же юридикалык жактардын менчигине, мыйзамдуу экономикалык таламдарына, коомго жана мамлекетке зыян келтирилгендигин,

— же андай зыян келтирүү коркунучун чындап түзгөнүн.

Бул жагдайларды сот бардык учурларда тийиштүү (филологиялык, лингвистикалык, саясий) экспертизаларды, мунун ичинен комиссиялык, комплекстик, кайталама экспертизаларды да өткөрүү аркылуу аныкташы керек. Бул экспертизаларды үч күн аралыгында даярдап, өткөрүү мүмкүн эмес.

Кыска убакыттын ичинде аталган жагдай-шарттарды аныктоо мүмкүн эместиги сөзсүз баш аламандыкка алып келет, анткени кандайдыр бир анализ жасалбай, мазмундуу сот процесси өткөрүлбөй эле уюмдарга тыюу салынып калат. Ошентип, ЖМКлардын бардык процессуалдык укуктарынын жок болушу жана арыздарды кароо мөөнөтүнүн кыскартылышы көз каранды эмес ЖКМлар үчүн олуттуу коркунуч жаратат.

Жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамдын 8-беренесине ылайык, ЖКМлардын ишмердиги алардын кызматкерлери КР Юстиция министрлигинин тизмесинде көрсөтүлгөн экстремисттик материалдарды жарыялоо үчүн ЖМКларды пайдаланып, мыйзамдарды байма-бай бузганда гана токтотулушу мүмкүн. Айтмакчы, мыйзам долбоорунун негиздеме маалымкатында сунушталуучу мыйзам чечимине тигил же бул мамилелерди жөнгө салуу зарылдыгын көрсөткөн конкреттүү жүйө жазылышы керек. Бирок долбоордун демилгечиси жалпы кабатырланууну туюндуруу менен эле чектелип, ЖМКлар тарабынан экстремизм менен террорчулукка каршы туруу жөнүндө мыйзамдардын ченемдерин байма-бай бузулгандыгына далил келтирген эмес. Уюмдардын ишмердигин ушул жол менен теске салуу зарылдыгын негиздөө үчүн дал ошол ЖМКлар тарабынан мындай укук бузуулар абдан көп болгону тууралуу статистикалык маалыматтарды элге жарыя кылган эмес жана укук бузган бир дагы ЖМКны мисал катары көрсөткөн эмес.

Анын үстүнө КР ЖПКнын 25-1-главасына ылайык, өндүрүштүн өзгөчө тартиби арызды кызыкдар тараптын сөзсүз катышуусуз жана мыйзам тарабынан кыскартылган мөөнөттө (3-5 күндө) караштырууну болжолдойт. Алсак, ишти экинчи жактын катышуусуз кароодо материалдын автору да, материалы сотто карала турган редакция да сот процессине толук кандуу катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ боло албайт. Ошентип, айыпталуучу жак ишти кароонун ар тараптуу принциптерин, жактардын жүйөлөшүүсү, кабыл алынуучу чечимдердин ачык-айкындыгы сакталган доо өндүрүшүндө белгиленген баардык процессуалдык укуктарын пайдалануу мүмкүнчүлүгүнөн ажырашы ыктымал.

«Сентябрь» телеканалын мисалга алсак, сот отуруму башталганга эки саат калганда гана редакцияга кабар беришкен. Ошол себептүү редакция тез арада кесипкөй юридикалык жардам алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган. Өз кезегинде, Жогорку сот кассациялык арызды кароодо биринчи инстанциянын одоно бузууларына баа бербей туруп, иш боюнча өндүрүштү жөн гана токтотуп салды.

Эгер парламент тарабынан мыйзам долбоорунун сунушталып жаткан редакциясы кабыл алынса, анда мындай мыйзамсыз аракеттерге каалаган учурда ар кандай эле ЖМК тушугушу мүмкүн.

4. Мыйзам долбоору ЖМК негиздөөчүлөрүн жеке менчик укугунан ажыратат

Уюмду экстремисттик же террордук деп таануу маселеси КР Юстиция министрлиги белгилеген экстремисттик материалдардын тизмесиндеги тыюу салынган материалдар бир нече жолу жарыялангандыгы (басылгандыгы) же таратылгандыгы териштирилип, сөзсүз түрдө доо арыз өндүрүшү тартибинде каралууга тийиш.

Бул кырдаалда жоопкер ишти кароо үчүн белгиленген үч күндүк мөөнөттө угуу дайындалганы тууралуу соттук кабарламаны алууга үлгүрбөгөндүктөн же ага такыр кабарлашпагандыктан (прокуратура жоопкерди табууга аракет жасабаганы үчүн), бул ченем жоопкердин соттук корголууга болгон конституциялык укугун бузат.[3]

Уюмду экстремисттик же террордук деп таануу жүйөлүү же жүйөсүз экендигин далилдеш үчүн тараптардын ар бирине мүмкүнчүлүк берип, сот жүйөлөшүү шартында өтүшү абзел. Ошону менен бирге биринчи инстанциядагы соттун чечимине экинчи инстанциядагы сотто апелляциялык тартипте жана кийин КР Жогорку сотунда кассациялык тартипте даттануу үчүн баардык зарыл укуктук мүмкүнчүлүктөр берилиши кажет.

Бирок сунушталып жаткан жободо ЖМКны жабуу жөнүндөгү иш жоопкердин катышуусуз каралышы мүмкүн, ошондуктан уюм өзү экстремисттик же террордук деп таанылганы жөнүндө билгенде, даттануу үчүн бир гана көзөмөлдөөчү инстанция – КР Жогорку соту калат. Бирок аталган инстанцияда жаңы далилдерди көрсөтүүгө жана жаңы күбөлөрдү чакырууга мүмкүн эмес. КР Жогорку соту биринчи инстанциянын соту тарабынан териштирилген материалдарды гана карай алат. Башкача айтканда, уюм өзүнүн бузулган кызыкчылыктарын коргоо боюнча процессуалдык укуктарынан ажырайт.

Уюмду экстремисттик деп таануу боюнча иш жөнөкөйлөтүлгөн тартипте каралбашы керектигинин дагы бир жүйөсү бар – мындай жагдайларда уюмду негиздеген менчик ээлеринин укуктары бузулат. Мыйзам долбоору күчүнө кирсе, айыпталуучу уюмдар өз мүлкүнөн кол жууйт. Ошондуктан иш алар катышкан доо өндүрүшүндө да каралууга тийиш.

5. Мыйзам долбоору КР Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө» мыйзамынын жоболоруна кайчы келет

Бул демилге демилгечи тарабынан тыкыр изилденбегендигинин дагы бир далили, мыйзамдын бул бөлүгү материалдык укуктун ченемдерине, т.а. КР Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө» мыйзамынын 11-беренесине кайчы келет. Аталган ченемге ылайык тийиштүү ЖМКнын ишмердиги ЖМКны каттоочу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же басма сөз, телерадио жана массалык коммуникация каражаттары чөйрөсүндөгү аткаруу бийлик органдары, же КР Башкы прокурорунун, же ага баш ийген прокурордун арызынын негизинде токтотулушу мүмкүн.

Бирок мыйзам долбоору кабыл алынган учурда ЖПКга ылайык уюмду экстремисттик деп таануу жөнүндө арыз менен экстремизмге же террорчулукка каршы иш жүргүзүүчү мамлекеттик органдын сунуштамасы боюнча прокурор гана кайрыла алат. Ошол себептүү учурдагы мыйзамдарга кайчы келген ченемдик-укуктук актылардын долбоорлорун кабыл алууга жол коюлбашы керек деп эсептейбиз.

Мындан тышкары, мыйзам долбоорунда мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечимин дароо үч инстанцияга – Башкы прокуратурага, улуттук коопсуздук жана ички иштер органдарына – жарыялоого жөнөтүү үчүн негиздеме жок. Бул органдардын баары өз реестрлерин өз алдынча жүргүзөрүн эске алуу керек.

Буга чейин колдонулуп келген сот чечимин жалгыз органга – КР Юстиция министрлигине жиберүү практикасы кыйла түшүнүктүү, анткени зарылчылыкка жараша каалаган кызыкдар жак бир органдан, тактап айтканда, бирдиктүү тизмеден уюмдун экстремисттик же террордук экендигин/эместигин тактап алса болот. Эгер аталган үч укук коргоо органына жарыялоо укугу берилсе, анда зарыл учурларда жарандар менен мамлекеттик органдар үч тизмеден маалымкат алып, жарыяланган маалыматтарды тактоого туура келет. Мыйзам долбоорунун демилгечилери сунуштаган схема боюнча бул процесс бюрократияляк убарагерчиликке кабылат.

Жогоруда айтылгандардын баарын жыйынтыктап келип, аталган мыйзам долбоору адамдын Конституцияда аныкталган укуктары менен эркиндиктерин бузат деп эсептейбиз, анткени:

  • долбоордун жарыя айтылган концепциясына кайчы келет;
  • ЖМКларга аларга мүнөздүү эмес иш-милдеттерди жүктөйт жана КР Конституцияна кайчы келет;
  • уюмдарды, анын ичинде ЖМКларды да тездетилген тартипте мажбурлап жабууга жол берет;
  • ЖМКларды негиздөөчүлөрүн жеке менчик укугунан ажыратат;
  • КР “Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө» мыйзамынын жоболоруна кайчы келет.

Аталган мыйзам долбоору КР Өкмөтү тарабынан КР Жогорку Кеңешине кечиктирилгис деп кезексиз кароо өтүнүчү менен өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал режиминин шарттарында киргизилип жатат. Анын үстүнө негиздеме маалымкатта мыйзамдын бул долбоору эч кандай тиешеси болбогон, калктын жана өлкөнүн коопсуздугу үчүн таажы вирус пандемиясы башкы жана чыныгы коркунуч туудуруп жаткан мезгилде эмне үчүн бул мыйзам долбоорун ушунчалык шашылыш кароо зарыл экендиги түшүндүрүлгөн эмес.

Пандемиянын айынан келип чыккан өзгөчө абал шарттарында тийиштүү коомдук талкууну уюштуруу жөнүндө жана бул категориядагы мыйзам долбоорлору үчүн милдеттүү парламенттик угуулар жөнүндө кеп болушу да мүмкүн эместиги тынчсыздандырат.

Аталган демилге пенсиялардын, бюджетте иштегендерге айлык акыларынын, эпидемия менен күрөшүүгө тартылгандарга белгиленген кенемте пулдардын берилишин үзгүлтүксүз камсыз кылуу, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө социалдык колдоо көрсөтүү, чакан жана орто бизнести колдоо маселелерин укуктук жөнгө салуу ж.б.у.с. калктын негизги жана чыныгы муктаждыктарына шайкеш келбейт.

Жогоруда айтылгандарга ылайык, УКМК сунуш кылып жаткан «Кыргыз Республикасынын Жарандык процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» демилге чакыртып алынышы керек.

Институт Медиа полиси.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты