18-декабрдан баштап Бишкек-Москва поезд каттамы жанданат

  • 1 неделя мурун

Ушул жылдын 18-декабрынан тарта жумасына эки жолу Бишкек — Москва жүргүнчү поезди каттай баштайт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, муну менен бирге 2025-жылы поезд Бишкек — Казань багыты боюнча жумасына бир жолу, ал эми Бишкек — Новосибирск багыты боюнча сегиз күндө бир жолу каттамын улантат.

Билеттердин сатылышы жана баалары тууралуу кошумча маалымат берилери айтылды.

Эске салсак, Транспорт жана коммуникациялар министрлиги буга чейин Бишкек-Москва багытында жүргүнчү ташый турган поезд каттамы 2025-жылы иштей баштаары тууралуу билдирген. Анда ковид пандемиясы убагындагы чектөөлөр киргизилгенден кийин Бишкектен Москвага жүргүнчүлөрдү ташуучу поезд каттабай калганы, ал эми пандемиядан кийин Россиянын Самара станциясына темир жол каттамдары жанданганы айтылган.

«Пандемиядан кийин Москва темир жол түйүнүн масштабдуу реконструкциялоо башталып, Москвага жүргүнчүлөрдү ташуучу поезддер Кыргызстанга гана эмес, КМШнын башка өлкөлөрүнө да убактылуу токтотулган»,-деп кошумчаланган министрлик берген маалыаматта.

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты