​Короновирустун алдын алуу: Врачтын кеңеши

  • 4 года мурун

Учурдагы абалдан улам элибиз интернеттен ар кыл маалыматтарды окуп, дүйнө элин дүрбөлөңгө салган короновирустун алдын алуу үчүн колунан келгенин жасап жаткан кез. Айрымдарынын арасында өздүк гигиенаны сактоо, беткап тагуу ж.б. боюнча карама-каршылыктар жаралууда.

Так маалымат алуу максатында саламаттык сактоо министрлигинин Бишкек шаарынын Ленин райондук бириктирилген медициналык борборунун директорунун педиатрия иштери боюнча орун басары Бактыгүл Жанкойлиева кайрылдык.

Өздүк гигиенаны сактоо дегенде биринчи эле колду жуумай оюбузга келет. Адатта баарыбыз колду жууш керек экендигин билебиз, бирок эптеп эле жууп койгондор да жок эмес. Колду туура жууштун этаптары бар:

  • Алгач колдогу аксессуарларды чыгарыңыз.
  • Сууну агызып, колуңузду самындаңыз.
  • Алаканыңыздын ичин бири-бирине сүрткүлөп, жышып жууңуз.
  • Манжаларыңыздын алдын, артын,арасын жакшылап жууңуз.
  • Манжалардын учтарын ушалаңыз.
  • Бул кыймылдарды жасап жатканда баш бармактар сыртта калгандыктан аларды өзүнчө жууңуз. Бул өтө маанилүү. Анткени баш бармак жана манжанын учтары менен көп нерселерди кармайбыз.
  • Баарын жалпы жышып жууңуз.
  • Аягында колуңузду суу менен чайкаңыз.
  • Колуңузду салфетка менен аарчып, ошол эле салфетка менен сууну өчүрүңүз. Ушундайча колуңузду таза кармай аласыз.
  • Беткапты туура тагуу
  • Учурда беткап тагуу боюнча көп талаштар жүрүүдө. Айрымдары тагыш керек десе, башкалары ооруп жаткандар гана тагышы шарт деген ойдо. Чындыгында баарыбыз тагышыбыз керек. Биринчиден, психологиялык жактан өзүңдү коргоого алдым деген ойдо болосуң.

Экинчиден, өзүбүздү жана айланадагы адамдарды вирустан беткап аркылуу коргой алабыз. Ал үчүн:

  • Беткапты кулакка таккан жибинен кармап, бетиңизге тагасыз. Негизи эки саатта бир алмаштырып турушуңуз керек. Эгер көп сүйлөгөн болсоңуз, маска эрте эле нымдашып, сизге ыңгайсыз абал жаратып жатса эки саатка жетпей эле алмштырыңыз.
  • Беткапты чечээрде колуңуз маскага тийбеши керек. Эки тарабындагы жиптен кармап, кулактан чыгарасыз. Акырын ороп, таштанды кутучасына саласыз.

Иммунитетти көтөрүү

Ар кандай дартка туруштук берүү үчүн иммунитетиңиз жогору болушу керек. Ал үчүн төмөнкүлөргө көңүл буруңуз:

  • Туура тамактануу;
  • Жетиштүү күндүн нурун алуу;
  • Спорт көнүгүүлөрүн жасоо;
  • Стресске түшпөө;
  • Ар дайым жакшы маанайда жүрүү.

Туура тамактануу

Туура тамактануу өтө маанилүү. Ден соолугуңуздун чың болушу көбүнчө тамактанууңузга байланыштуу. Күндө түрдүү тамактарды жешиңиз керек. Окшош тамак жей берсеңиз организмдеги темир жетишсиз болуп, аз кандуулук, богок сыяктуу оорулар пайда болушу мүмкүн, иммундук системанын түшүп кетишине себепчи болот.

Организмди күчтөндүрүү үчүн витаминдери бар тамактарды көп жеңиз. Аларга: сарымсак, жаңгактар, лимон ж.б. кирет. Куурулган тамактарды эмес, сууга бышырылган, бууга бышырылган тамактарды сунуштайбыз. Камыр тамактардын ордуна күрүч, буурчак, гречка ж.б көбүрөөк пайдаланганыңыз жакшы. Кумшекердин ордуна бал колдонгон өтө пайдалуу. Эттен баш тартыңыз дебейбиз. Майлуу этти азыраак колдонуңуз. Бирок, рационуңузда эт болсун.

Учурда врачтар эс алуусуз иштеп жатат. Андыктан баарыбыз жоопкерчиликти колго алып, 3 жумалык карантинди каникулга айландырбай, үйдөн чыкпай, короновирустун алдын алалы. Баарыбыз бирге бул вирусту жеңип чыгалы!

Даярдаган Фатима Раатбек кызы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты