Автоунааны камсыздандыруу милдетин аткарбагандар үчүн кандай жоопкерчилик каралган?

  • 4 года мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков «Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамга кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2019-жылдын 13-декабрында кабыл алынган. Ташуучулар жүргүнчүлөрдүн өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келтиргендиги үчүн жарандык жоопкерчилигин камсыздандырууга багытталган.

Кабыл алынган «Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» мыйзамдын жүргүнчүлөрдү ташуучуларга карата жарандык жоокерчиликти камсыздандыруу боюнча кошумча жоопкерчилик колдонулуп 31-беренесине экинчи бөлүк менен төмөнкү маазмунда толукталды.

Атап айтканда, милдеттүү камсыздандыруу боюнча милдетти аткарбагандыгы үчүн жоопкерчилик төмөнкүдөй белгиленет:

2020-жылдын 1-апрелинен тартып:

— башка мамлекеттерде катталган автотранспорт каражаттарынын ээлери жана (же) айдоочулары үчүн;

-юридикалык жактардын, анын ичинде мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын менчигинде же алардын ээлигинде болгон автотранспорт каражаттары үчүн;

— уруксат берилген жалпы максималдык массасы 12 тоннадан ашык болгон жүк ташуучу автотранспорт каражаттарынын ээлери үчүн.

2021-жылдын 1-январынан тартып:

— уруксат берилген жалпы максималдык массасы 12 тоннадан аз болгон жүк ташуучу автотранспорт каражаттарынын ээлери үчүн:

-жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн пайдаланылган автотранспорт каражаттарынын ээлери үчүн.

2022-жылдын 1-январынан тартып:

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык катталган автотранспорт каражаттарынын ээлери жана (же) айдоочулары үчүн.

Белгилей кетчү нерсе, автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдетүү камсыздандыруу, жүргүнчүлөрдү ташуучуларга карата жарандык жоокерчиликти камсыздандыруу боюнча кошумча жоопкерчилик колдонулуп, социалдык жактан маанилүү экендигин эске алып, Президенттин каршы пикири менен калктын буга болгон реалдуу даярдыгына, ошондой эле өкмөттүн аны аткарууга даярдыгына жараша 2020-жылдын 25-январында макулдашылган вариантты иштеп чыгуу үчүн Жогорку Кеңешке кайтарылган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып, он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты