Казакстан: Кытайдан качып чыккан этникалык казактар менен уйгурлар өздөрүн коопсуз сезбейт
- 5 лет мурун
- Аналитика
Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономиялык районунан качып чыккан этникалык казактар менен уйгурларды коргоо маселесинде Казакстандын бийлиги өтө этияттык менен мамиле кылууда/
Ушул жылдын февраль айынын башында АКШнын мамлекеттик катчысы Майкл Помпео Казакстанга болгон сапарында Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономиялык районундагы (СУАР) мусулмандарды коргоого чакырды.
Майкл Помпео. Photo: informburo.kz
“АКШ бардык өлкөлөргө кайрылып, бул репрессияны чогуу токтотууга чакырып жатат. Биз Кытайдан качып чыккандарга коопсуз башпаанекти камсыз кылууга чакырабыз.», – деди Помпео.
Бир күн өткөндөн кийин Кытайдын Казакстандагы элчиси Чжан Сяо мамлекеттик катчынын айткан сөзүн “уюштурулган спектакль” деп атап СУАРдагы уйгурларды дискриминациялоо боюнча маалыматты жокко чыгарды.
“Синьцзянда 25 000ден ашык мечит бар, бул АКШдагы, Улуу Британиядагы, Франциядагы жана Германиядагы мечиттердин баарын кошкондогудан дагы көп, орто эсеп менен алганда 500 мусулманга бир мечит туура келет, бул көптөгөн мусулман өлкөлөрдөгүдөн дагы көп. Синьцзяндагы негизги фактыларды көрмөксөн болуп жана Кытайга көө жабуу менен Помпео бүткүл дүйнөгө өзүнүн идеологиялык жаңылыш оюн жана калыссыздыгын таңуулап жатат”, — деп жазды элчи өзүнүн Фейсбуктагы баракчасында.
Синьцзян-Уйгур автономиялык району Кытайдын алтыдан бир бөлүгүн ээлеп, өлкөнүн түндүк-батыш тарабында жайгашкан. 2010-жылдагы маалыматка караганда, бул жерде 22 млн киши жашайт, анын 46%ы уйгурлар.
Чыңалуу 2009-жылы башталган. Анда Кытайдын түштүгүндө эки уйгур өлтүрүлүп, Синьцзянда массалык түрдө башаламандык орун алган. Полиция бул каршылыкты күч менен баскан, бирок ага карабай айрымдар каршылык көрсөтүүнү токтотпой, кала берсе террордук чабуулдарды дагы жасаган, бул ондогон адамдын кан төгүлүүсүнө алып келген.
2016-жылы бул райондо адамды тааный турган камераларды орното башташкан, ал эми СУАРдын шаарларынын көбүндө көптөгөн текшерүүчү түйүндөрдө жарандарын документтерин текшерип жатып, сүрөткө тартып, кол издерин жана көздүн карегин сканерлеп ала баштаган. ММКларда жазылганга караганда, Синьцзяндын ар бир тургуну өз смартфонуна өзүнүн жүргөн жерин, билдирүүлөрүн, чалууларын жана интернет-трафиктерин көзөмөлдөп турган программаны жүктөөгө милдеттүү.
Ильхам Тохти. Photo: kasparov.ru
Экономист жана укук коргоочу, суарлык этникалык уйгур Ильхам Тохти уйгурларга кысым жасалып жатканын көп жылдан бери айтып келет жана Пекин менен уйгур калкынын ортосунда диалог курууга аракет кылган.
2014-жылы аны сепаратизм менен айыптап, өмүр бою эркинен ажыратуу чечими чыгарылган. Өткөн жылы ал Европалык парламент тарабынан жыл сайын адам укуктары үчүн күрөшүүдө кошкон салымы үчүн бериле турган Андрей Сахаров атындагы сыйлыкты алган.
2017-жылдын жазынан баштап дүйнөлүк ММКлар СУАРда мусулмандарды массалык түрдө аңдуучу жана көзөмөлдөөчү чоң эксперимент башталганын, бул айрыкча этникалык уйгурларга тиешелүү экенин жазып чыгышкан. “Саясий кайра тарбиялоочу лагерлер” тууралуу маалымат пайда болгон, Кытай өзү аны экстремизм жана терроризмге каршы профессионалдык жактан окутуучу борбор деп атайт.
2018-жылы БУУда Синьцзяндагы “лагерлерде” аймактагы бир миллионго чейин түпкү общиндердин өкүлдөрү, негизинен ислам динин кармангандар кармалары айтылган. Эл аралык уюмдун маалыматына караганда, райондо ушул сыяктуу 80дей мекеме бар.
Суарлыктар жана мурда камалып чыккандардын айтымында, Кытайдын бул бөлүгүндө азыр хиджаб кийгенге, мечитке барганга жана Кудайга сыйынууга тыюу салынган. Аны менен катар эле балдарга диний аттарды коюуга да тыюу салынган.
Камалып чыккандардын айтып бергенине караганда, ислам динине ишенген ар бир адам ар кандай себептен улам лагерге жөнөтүлүшү мүмкүн.
Эл аралык Human Rights Watch укук коргоочу уюмдун маалыматына караганда, лагерге кармоо үчүн мусулманча учурашуу же намаз окуу, чет өлкөгө болгон сапар, же кала берсе жазышуу үчүн WhatsApp тиркемесин колдонуу дагы себеп болушу мүмкүн.
Лагерге түшүү үчүн эң көп кездешкен айыптоо – бул экстремизм, терроризм, сепаратизм.
Мамилени бузбоо үчүн
Нурлан Коктеубаев Синцзянь мектебинде сабак берчү, бир жылдан ашык убакыт мурда пенсияга чыккандан кийин үйбүлөсү менен Казакстанга келүүнү чечкен. Алар көчүп чыгып кеткенден кийин бир нече айдан соң аларды Кытайга чакырганын айтат.
“Адегенде аялым кетти, андан бир айдан кийин мен. Келерим менен мени терроризм боюнча айыптап лагерге жиберишти. Ал жакта бир бөлмөдө 40 адам жатат экен. Баары уйгурлар болчу, казактар азыраак эле. […] Кийин менин ден-соолугум начарлап, приступ бере баштады. Түрмөнүн бардык жеринде камералар менен телевизорлор орнотулган, ал жерден Си Цзинь Пинди кытай тилинде мактаган, кайсы өлкөлөргө барып, эл аралык коомчулукка кандай жардамдарды берип жатканы, Кытайдын коммунисттик партиясы биз үчүн жакшылыктарды жасап жатканы жана башкалар тынбай көрсөтүлүп турат”, — деп эстейт Коктеубаев.
Ушундай эле окуяны Гүлбахар Жалилова дагы өз башынан кечирген. Этникалык уйгур 15 ай кытай түрмөсүндө отурган.
Гульбахар Джалилова. Photo: ru.rti.org
“Сени карап туруп “Сен бир чекитти көпкө карап турдуң, сыйынган бир нерсе окудуңбу?” деп, эгер ылдыйды карап отурсаң “саламдашып жатасың”, “намаз окуп жатасың” деп айтышат. Ал жакта уйгур тилинде сүйлөшүүгө тыюу салынган. Беш килограммдык кандал менен мен 1 жыл 3 ай жана 10 күн жүрдүм. Бизге барак таратып беришет, биз ал жакка “партияга рахмат”, “биз Кытайды жакшы көрөбүз”, “Кытай дүйнөдө биринчи орунда турат” деп жазып беребиз, эгерде башкача жазып койгон болсоң “караңгы бөлмөгө” камап коюшат”, — деп баяндайт Жалилова.
Анын үйбүлөсү БУУга кайрылган. Гүлбахардын айтымында, ушундан кийин аны суракка алып, андан соң кое беришкен.
Казакстандык этникалык уйгур Бахаргүл Тохтахунова Синцзяндагы мусулмандарды кармап жаткан “лагерлер” тууралуу маалыматтардан кийин ал жактагы туугандары менен байланышуудан коркуп калганын айтат.
“Сагынабыз, баргыбыз келет, бирок ал жакта коркунучтуу. Сен Казакстандын жараны болсоң дагы сени жөн эле текшеребиз деп бир канча айга камап коюшу мүмкүн. Биздин тааныштарыбыздын кызы чет өлкөдө сүрөткө түшүп келгени үчүн эле аны Кытайдагы лагерге алып кетишти. Бул аябай коркунучтуу түштөй, биз башыбыздан кечирип жаткан сезимдерди сөз менен айтып берүү кыйын”. Акыркы жолу мен 2007-жылы баргам, туугандарыбыз тирүү жүрүшөбү билгибиз келет”, — дейт Тохтахунова.
Өткөн жылдын декабрь айында Европарламенттин депутаттары Кытай өкмөтүн “саясий кайра тарбиялоочу лагерлерин” тезинен жабууга чакырышкан. Резолюцияда Синцзяндагы ислам динин карманган этникалык азчылыктын “туш келди кармалышына, кыйноолорго, диний практикаларын жасоосуна чектөөлөргө жана тоталдык аңдууларга дуушар болуп жатканы” тууралуу маалыматтарды туура маалымат деп эсептешээри айтылган.
Бир айдан кийин АКШнын конгрессинин өкүлдөр палатасы СУАРдагы адам укуктарынын бузулушуна жооп кылып Кытайдын жогорку чиновниктерине санкцияларды киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун жактырган. Кошмо штаттар бир катар кытайлык уюмдарга карата санкцияларды киргизди.
Бирок Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев немис басылмасы Deutsche Welle’ге берген маегинде укук коргоочулардын “лагерлер” тууралуу маалыматтары чындыкка туура келбейт деп билдирди.
“Биз бул геосаясаттын бир бөлүгү экенин түшүнөбүз, себеби, Кытай менен АКШ соода согушунда бири-бири менен кагышты. Сүйлөшүүлөр аяктагандан кийин Кытайга карата санкциялар алынабы, убакыт көрсөтөт. Бирок Казакстан глобалдык антикытайлык фронтко айланбашы керек”, — деди Токаев.
Кыргызстанда дагы ушундай эле көрүнүш, “билим берүүчү борборлордогу” этникалык кытайлар тууралуу тема 2018-жылдын күзүндө активдүү талкуулана баштаган. Бир аздан кийин активисттер БУУ үйүнүн жанына митингге чыгып,Кытайда болуп жаткан окуяларды иликтей турган көз карандысыз комиссия түзүүнү суранып кайрылышкан. 2019-жылдын январь айында 150дөй адам каршылык акциясына чыгып, этникалык кыргыздардан башка кытай жарандарына Кыргызстандын жарандыгын берүүгө тыюу салууну талап кылышты.
Бирок эки өлкөдө тең Синьцзян жана “саясий кайра тарбиялоочу лагерлер” темасы чиновниктер жана саясатчылар тарабынан ачык талкууланган жок.
“Казакстанда Синьцзяндагы уйгурларда көйгөй жок деп айтышат. Бул көйгөй тууралуу эч ким ачык талкуулабайт, кала берсе Казакстан элдеринин ассамблеясынын атынан парламентке шайланган депутаттар дагы. Бирок ичинен эмне тууралуу сөз болуп жатканын билишет, жөн гана ашыкча көйгөйдү каалашпайт. Казакстан Кытай менен тиреше албайт да. Кытайдагы туугандары менен байланышын жоготкон Казакстандагы этникалык уйгурлардын саны боюнча так маалымат жок”, — дейт Казакстанда жашаган Уйгурлардын дүйнөлүк конгрессинин башкы кеңешчиси Кахарман Кожамберды.
Мехрибан Амирова жолдошу жана балдары менен Кытайдан Казакстанга көчүп келип, учурда Алмата облусунда жашап жатат. Анын айтымында, жолдошу барып, үйүн сатып кайра келмек болчу. Бирок 18 ай өтсө дагы араң эки гана жолу чалды.
“WeChat менен чалды, патриотизмге окуп жатканын, баары жакшы экенин айтты, мен эмне тууралуу кеп болуп жатканын түшүндүм. Ал биз дагы анын артынан барышыбызды каалачу эмес, бирок аны ошентип айтканга мажбурлап жатышса керек. Үнү калтырап, баары жакшы болот деп айтты. Биздин көп тааныштарыбызды, досторубузду жөндөн-жөн эле лагерге жөнөтүштү, себеби, алар биздин тааныштарыбыз болчу, биз чет өлкөгө чыгып кеттик – демек тыңчыларбыз”, — дейт Амирова.
Ал жолдошунун кайтып келишин күтүүдө жана келгенден кийин Казакстандын жарандыгын алабыз деген үмүттө.
“Кыздарыбыз Кытайга баргандан коркушат, анткени, ал жакта бизди дароо лагерге жиберишет. Казакстандан жарандык алууга жетишпей калсак, анда Түркияга барабыз, анткени, ал жакта бизди артка кетирип жибербейт”, — дейт Амирова.
Саясат таануучу Нурлан Тилеубаев Синцзяндык этникалык уйгурлар үчүн Казакстан коопсуз жер эмес деп эсептейт. Кала берсе этникалык казактар дагы Казакстандын биринчи баш калкалап турган жай катары эле пайдаланышып, кийин башка өлкөлөрдөн башпаанек сурашат. Нур-Султан аларды Кытайга кайтарып берип салат деп коркушат.
“Саясый башпаанек сураган этникалык казак Сайрагүл Саутбай дагы Швецияга кетти […] Кала берсе Малайзиянын премьер-министри Махатхир Мохамат дагы былтыр Синцзянда мусулмандарга кысым жасалып жатканын мойнуна алган жана Малайзиядан коргоо сурап качып барган уйгурларды бул өлкө Кытайдын суранганына карабай бербей турганын белгилеген. Казакстанда туугандары бар болсо дагы көптөгөн уйгурлар Малайзияга, Түркияга, Индонезияга, Мьянмага качууга мажбур болушкан. Себеби, Казакстан кошуналары менен мамилесин бузгусу келбейт”, — деп белгилейт Тилеубаев.
Бул макаланын түп нускасы Cabar.asia аналитикалык порталына жарык көргөн.