​IT тармагындагы адистердин таңкыстыгы жана замандын агымы менен болгон “Сапат”

Келе жаткан жаңы 2020-жылдан баштап дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө IT тармагындагы адистердин таңкыстыгы пайда болору прогноздолуп жатат. Ал маалыматтарга ылайык, жакынкы 10 жылдыкта адам кол менен жасаган көп иштердин көбүн акылдуу интеллект алмаштырып, мындай программаларды жасаган адистерге суроо-талап жогору болот.

Биз Кыргызстандагы IT же программалоо тармагындагы жетишкендиктерге байкоо салып, бул тармакта “Сапат” билим берүү мекемелери алгылыктуу иш алып барып жатканына ынандык.

Узап бара жаткан жылдын декабрь айында Информатика боюнча ХІ Евразия олимпиадасында Кыргызстан жалпы командалык эсеп боюнча алтын медалды утуп алуу менен абсолюттук чемпион болду. Алтын, күмүш, коло медалдарын өзүнүн курактарында “Сапат” билим берүү мекемелеринен катышкан үч команда жеңип алды.

Окуучу кезинен тарта багытты туура берип, замандын агымына жараша билим берген бул мектептердин окуучулары окууну аяктаганда дагы дүйнөнүн эң алдыңкы университеттерине өтүп жатышат:

Акылбек Орозалиев “Сапат” эл аралык билим берүү мекемелеринин курамына кирген “Силк Роад” мектебин аяктап, Торонто университетине өткөн.

Амир Абдрасулов “Сапат” эл аралык билим берүү мекемелеринин курамына кирген Ош “Сема” лицейин аяктап, Гонконг шаардык университетинде билим алууда.

Мырзагүл Бекболотова “Сапат” эл аралык билим берүү мекемелеринин курамына кирген “Эл аралык Юнайтед Ворлд” мектебин аяктап, Канаданын Макгилл университетинин студенти болду.

Адилет Данияров “Сапат” эл аралык билим берүү мекемелеринин курамына кирген Ысык-Көл Хусеин Карасаев атындагы лицейдин бүтүрүүчүсү Гонконг политехникалык университетде окуп жатат.

Ал гана эмес, учурда дүйнөнүн эң алдыңкы Google, Microsoft, Coinbase, Samsung, Oracle, Ericson, Kone, Deloitte жана башка компанияларында эмгектенип, заман менен тең жарышып жаткан сапатчылар көп:

Азамат Ахмедов “Сапат” эл аралык билим берүү мекемелеринин курамына кирген Кызыл-Кыя Исхак Разаков атындагы лицейдин бүтүрүүчүсу. Кореядан “Улсан” илим жана технологиялык универститетти аяктап, “Самсунг” компаниясында инженер болуп иштеп жатат.

Альбина Илеева, “Сапат” эл аралык билим берүү мекемелеринин курамына кирген Бишкек “Айчүрөк” лицейинин бүтүрүүчүсү Adobe, Apple жана Cisco уомпанияларында 7 жыл эмгектенип учурда ишкерлик менен алектенүүдө.

Кайнар Камалов “Сапат” эл аралык билим берүү мекемелеринин курамына кирген Ош “Сема” лицейин аяктап, Массачусетс технологиялык институтун аяктап, Microsoft, Locu, Zynga компанияларында эмгектенген. Кайнар Камалов жана анын кесиптештери АКШдагы NASDAQ биржасында соода башташкан.

Максим Степаненко “Сапат” эл аралык билим берүү мекемелеринин курамына кирген Кадамжай “Семетей” лицейинин бүтүрүүчүсү Locu, Google компанияларында иштеген.

Азыркы учурда чет өлкөдөн тажрыйба топтоп келип, Кыргызстанда программалоо боюнча кыска даярдоо курстарын ачкан студенттер бар. Мына ушинтип отуруп, Кыргызстан жаңы муундары менен алдыга жыла берет.

“Сапат” мекемесинин Кыргызстанда иштеп жатканына 27 жыл болуптур. Бул жылдар аралыгында Республикалык олимпиадалардын байгелүү орундарынын 40-50%ын сапатчылар ээлеп келет. Бул, албетте, жогорку сапаттагы билим берүүдөн кабар берет эмеспи.

Материал өнөктөштүк негизде даярдалды

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты