“Кан аралаш аккан суу” же “Жантай” мал базарында санитардык нормалар сакталбайбы?

Кыргызстандын ар бир облусунда мал базар бар, алардын белгилүүлөрүнүн бири Бишкектеги “Жантай” базары. Ал Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Маевка айыл аймагында жайгашкан. Бир караганда, базарда башаламандык өкүм сүргөндөй сезилет. Бирок бул жердин туруктуу эрежелери, ар биринин өзүнүн ролу бар. Бул жерде бир нече топ бар. Алар: малын сатууга алып келген малчылар, алып сатарлар, кой, уй жана башка жаныбарларды сатып алууга келген кардарлар, союш менен алектенген касапчылар.


Биздин Facebook баракчабызга жазылыңыздар


Бул иликтөө Cabar.asia маалымат-аналитикалык порталы менен биргеликте даярдалды.


Бул мал базарда малдын түрү сатылат, кааласаңыз малды ошол жерден сойдуруп кетсеңиз болот. Мал союла турган жерден 4-5 метр алыстыкта Ала-Арча суусу өтөт. Бул сууга базарга толуп калчу жаан-чачындын суусу чыгып кетиши үчүн атайын труба чыгарылган. Бирок, бул трубадан жаан-чачындын суусу гана эмес союлган малдын каны-жини аралашып чыгып турат. Адегенде мындай маалыматты социалдык тармактын бир колдонуучусу жазып чыккан эле. Биз ошол маалыматты тактоо үчүн өзүбүз базарга бардык. Мал союлуучу жайдан чыккан жаан-чачындын суусу агып чыга турган трубадан кан аралаш аккан суу чыгып, Ала-Арча суусуна куюп жатканына өз көзүбүз менен күбө болуп, муну видео-тасмага түшүрүп алдык. Базар күндө иштейт. Демек, базардын аймагынан күн сайын аз эмес көлөмдөгү жаныбарлардын калдыктары сууга кошулуп турат.

Суунун айланасынан малдын кан-жинин, келемиштерди да кездештирүүгө болот.

Биз көргөнүбүздү видеого тартып жаткан маалда бир жигит пайда болду. Ал өзүн базардын кароолчусумун деп тааныштырып, “Эмнеге тартып атасыз? Базарды эмес, ары жакты тартыңыз? Бул жерди тартканга болбойт!” деп тоскоолдук жарата баштады. Биз анын өзүн видеого тартып ким экендигин тактап баштаганыбызда жетекчисин чакырарын айтып базарга кирип кетти. Биз анын артынан базардын ичине кирдик. Базардын жетекчисинин тууганымын деп тааныштырган Зарылбек аттуу жигит “Базардын ээси жок. Мен базарды видеого тартып алууңарга уруксат бере албайм” деп билдирди. Жантай базары Абдыгазиев Исабек деген кишиге таандык экен. Бирок, ал базарды баласы Жантай Исабек уулуна ишенимдүү өкүл катары өткөрүп берген. Учурда уулу Жантай көзөмөлдөйт.

Журналист катары баары бир кирип тарта албашыбызга көзүбүз жеткенден кийин башка кабарчыбызды кардар катары жибердик. Ал “кой сойдурат элем” деп мал союучу жайга кирди. Союлган малдын кандары септиктен ашып, жаан-чачындын суулары акчу труба менен сыртка кетип жатканын тартып чыкты. Ал гана эмес, малдын ичеги-карындары трубага тыгылып суу кетпей калса, учтуу темир менен түртүп-чукуп агызып коюшканынан бери тасмага түштү.

КР Өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Аламүдүн жана Ысык-Ата райондору боюнча региондор аралык башкармалыгынын инспектору Темирлан Табалдиев, союлган малдын органикалык калдыктарын сууга куйганга уруксат берилбейт экендигин баса белгиледи. “Сууну булгабаш керек. А силер сууну булгап атасыңар. Мүмкүн, ылдый жакта бирөө бетин жууп же сууга түшүп атат, малдар суу ичип атат. Булганган сууну пайдалануу ар түрдүү оорулардын өнүгүшүнө алып келиши мүмкүн”, – дейт Т.Табалдиев.

Маалымкат: Ала-Арча суусу Чүй суусунун куймасы. Ал Чүй облусунун Бишкек шаарынын чети менен, Маевка жана Орто-Сай айылдарына жакын агат. Дарыянын суусу Ала-Арча жана Төмөнкү Ала-Арча суу сактагычтарын толтуруу үчүн колдонулат. Алар айыл чарба жерлерин сугаруу үчүн арналган.

Адистердин айтымында, эгер союлган малда мите же инфекциялар бар болсо, алардын каны Ала-Арча суусу сыяктуу ачык булактарга кошулганда анын кесепети ичеги курттарынын жана башка жугуштуу оорулардын жайылышына алып келиши мүмкүн. Өлгөн малдын канында бруцеллез, кургак учук, эхиноккок жана курттар болушу мүмкүн, ал кан сууга түшкөндө суудан ичкен адам үчүн бул өтө кооптуу болуп саналат. Бул учурда ооруга чалдыгуу коркунучу өтө жогору болуп эсептелет. Малдын каны кошулган сууну пайдалануу адамдар үчүн өтө кооптуу. Суу аркылуу ар кандай мите-курт инфекциялары жугушу мүмкүн.

Мындай мите-курттар бар суу менен жерди суугарган учурларда алар жер-жемиштерге дагы кошулуп кетет жана алар аркылуу адамдын организмине кирет”, – дейт “Жантай” базарында иштеген ветеринар Талантбек Самый уулу.

Мындай мите-курттар бар суу менен жерди сугарган учурларда алар жер-жемиштерге дагы кошулуп кетет. Анан ал аркылуу адамдын организмине кирет.

Базардын айланасында жашаган жашоочулар бул нерседен тажап бүтүшкөнүн айтышты. Бирок алар камерага сүйлөөгө макул болушкан жок. “Мал базардын шаардын чет жакасында жайгашканы жакшы го. Базардан чыккан жыттардан жүрөк айланат. Кандын, кыктын жыты келет. Мейли иштей беришсин. Бирок, малдын канын сууга агызгандары туура эмес да. Ал үчүн атайын септиктерди жасап коюшсун”, – дейт мал базардын кошуналарынын бири.

Биздин материал даярдалып жатканда дагы бир интернет колдонуучу Жантай базарынан кан-жини аралаш чыккан сууну, анын айланасындагы жүргөн келемиштерди видеого тартып социалдык тармактарга жайгаштырган экен.

Видео жарыялангандан кийин бир саатка жетпей Маевка айыл өкмөтүнөн комиссия түзүлүп, КР Өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Аламүдүн жана Ысык-Ата райондору боюнча региондор аралык башкармалыгынан, КР Өкмөтүнө караштуу ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Аламүдүн районунун башкармалыгынан инспекторлор келип базарды текшерүүгө алышкан экен. Комиссиянын жыйынтыгы менен таанышууга мүмкүн болгон жок.

“Кан аралаш аккан суу” же “Жантай” мал базарында санитардык нормалар сакталбайбы?

Базар жетекчиси Жантай Исабек уулу социалдык тармакка тараган видео 2017-жылы тартылган видео экендигин, андан кийин септиктер жасалып оңдолгонун айтат: “Базар 2002-жылы ишке берилген. Ага чейин бул жер саз болчу. Маевка айыл өкмөтүнүн №9 токтомунун негизинде“Жантай” мал базары салынган. Айыл өкмөтү “ит өлүп, камыш баскыча силер иштеткиле” деп өздөрү беришкен. Бул жердин жашоочуларына ыңгайлаштырылып жолдор салынгандан кийин биз бул арыкты салдык . Калп айтканда эмне?! Биз социалдык тармактарда тараган видеону эскпертизага берип, 2017-жылы тартылганын аныктадык. Ал учурда бул жер толук жасалып бүтө элек болчу. Аны моюнубузга алабыз. Биз баарын демонтаж кылып жасатып, буга чейин бир эле септик болсо, жакында эле экинчи септикти да койдук”, – дейт Исабек уулу.

Кыргыз Республикасынын өкмөтү 2015-жылы №377 “Жаныбарлардын ооруларын алдын алуу боюнча биринчи кезектеги ветеринардык-санитардык талаптарды бекитүү жөнүндө” токтомун кабыл алган. Токтомдо:

–Мал базарлардын аймактары айыл жана шаар жеринде алардын чет жакасында жайгашууга, калктуу конуштардан жана коомдук тамактануу объектилеринен кеминде 200 метр санитардык-коргоо зонасы менен бөлүнүп турууга тийиш.

– Мал базарлардан шаардык, облустук жана райондук маанидеги автомобиль жолдоруна чейинки аралык 30 метрден кем болбошу керек.

– Аймакты вертикалдык пландаштыруу жаан-чачын, эриген суулардын агып кетишин камсыз кылууга тийиш. Саркынды суулар алдын-ала тазалоодон өтүп жана суу топтогучтарга чогулуп жана зыянсыздандыруу үчүн кыкты биотермикалык зыянсыздандыруу үчүн базардын соода аянтынын сыртына атайын жабдылган кык сактоочу жайга чыгарылат. Кык сактоочу жай тосулуп жана жаныбарлар кире албагыдай болуусу керек.

– Базарга кире беришке автотранспортту дезинфекциялоо, бут кийимдерди тазалоо, ошондой эле малды бастырманын астына түшүрүү жана жүктөө үчүн үстү жабык дезинфекциялоочу босого жайгаштырылат. Малды базарга ташып келүүдө (айдап кирүү) жана аймактан алып чыгууда (айдап чыгуу) алардын карама-каршы агымына жол берилбейт.

– Мал базарларынын аймагы бүткүл периметри боюнча бийиктиги 2,0-2,2 м жылчыксыз тосмо менен тосулуп жана жашылдандырылууга тийиш.

“Жантай” мал базары жогорку талаптарга жооп бербейт. Себеби, базардан беш метрлик аралыкта автоунаа жолу, 100 метрге жетпеген алыстыкта тамактануучу жайлар жана башка обьектилер жайгашкан.

Базары токтомдун 9-бөлүмүнүн (мал союлуучу жерлерге карата ветеринардык санитардык талаптар) 56чы, 58чи, 69чу, 70чи этаптарына, 11-бөлүмдүн (Мал базарларды долбоорлоого, курууга, күтүүгө жана эксплуатациялоого карата ветеринардык-санитардык талаптар) 107-этапына жооп берет.

– 56-этап: – Мал союу пунктунун аймагында жаан-чачындардын жана союла турган мал кармалган аянттан саркынды суулардын агып кетиши үчүн канализация системасы жабдылат.

– 58-этап: – Кушканада карантиндик бөлүмү, агынды сууларды чогултуу жана дезинфекциялоо үчүн өзүнчө кудугу менен изолятору бар жабдылган мал базасы, ошондой эле малды түшүргөндөн кийин автотранспортту санитардык иштетүү үчүн аянтча каралат. Изолятор мал базасынын өзүнчө участкасына жайгашат жана тосулат.

– 69-этап:– Мал союу пунктунун канализация системасы өндүрүштүк саркындылар адегенде баштапкы механикалык тазалоо жана майларды кармап калуу боюнча жасалга аркылуу өткүдөй кылып орнотулат.

– 70-этап: – Ылаңдаган малды союуда чыккан өндүрүштүк агындыларды канализацияга куюудан же бөлүнгөн жерге чыгаруудан мурда дезинфекцияланат.

– 107-этап: – Канализациясы жок мал базарларда мал сатылган жерге 50 м кем эмес аралыкта суу сарыгып кетпей турган санитардык түйүндөрдү (чуңкурлар) орнотууга жол берилет. Санитардык түйүндөр ыңгайлуу жана жарык кылынган жолдору, ошондой эле анын турган жеринин так көрсөткүчтөрү болууга жана сыйымдуулук 2/3 толгон учурда саркынды сууларды өз убагында сордуруп алуу жүргүзүлүүгө тийиш.

Макул, социалдык тармактагы видео эски экен. Бирок жакында эле тартылган биздин видеого кандай жооп берер экен?

“Андай болушу мүмкүн эмес. Сиздин видеоңузду көрөлү. Эгер ошондой болсо мал союлуучу жайды ижарага алган бала менен сүйлөшөбүз. Баарын кайрадан жасайт. Эгер жасабаса башка кишиге ижарага берем. Мал союлуучу жайдын айынан мага кайра-кайра эле арыз келе бергенинин кереги жок да. 2009-жылы Азамат Кубанычбеков деген жаранга ижарага бергенбиз. Башында толугу менен иштей элек болчу. Айына 1-2 мал эле союлчу. Акырындык менен 2016-2017-жылдан тарта жакшы боло баштады. Менин эң башкы талабым тазалык.”, – дейт базар ээси Жантай Исабек уулу.

Базардын жетекчиси Жантай Исабек уулу базардын аймагында жайгашкан мал союлуучу жай башка адамга ижарага берилерин билдирди. Ал союлган малдын кандары сууга түшүп жаткандыгын төгүндөп, “Союлган малдын кандары сууга кошулбайт. Ал үчүн септиктер жасалган” – деп билдирди.

“Кан аралаш аккан суу” же “Жантай” мал базарында санитардык нормалар сакталбайбы?“Кан аралаш аккан суу” же “Жантай” мал базарында санитардык нормалар сакталбайбы?

“Сууга азыр кан түшкөн жок. Септиктер жасалган. Курман айтта мал көп союлуп труба ылдый түшүп кеткен. Курман айтка чейинки кан сууга агып чыккан эмес. Жаан-чачындын суулары эле каналга кошулушу мүмкүн. Малдын бок-сийдиги өзүнчө, кандар өзүнчө септикке бөлүнүп түшөт”, – дейт А.Кубанычбеков.

Биз бул маалымат боюнча Маевка айыл өкмөтүнө кайрылганыбызда айыл өкмөт жетекчисинин орун басары Исланбек Макешов базардагы кан-жиндер сууга кошулуп жатканынан кабары бар экендигин, бирок бул маалымат боюнча прокуратура, тескерисинче, айыл өкмөттү тизгиндеп жатканын айтты.

“Жантай” базарынын айланасында жашаган жашоочулардан бизге буга чейин деле арыздануулар түшүп турган. Курман айт күнү интернетке чыккан видеонун негизинде биз КР Өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясына, КР Өкмөтүнө караштуу ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияга, Мамлекеттик каттоо кызматына, Архитектурага, Аламүдүн районунун РИИБине атайын кат жибергенбиз. “Биз акыркы жолу текшергенде базар жабык болчу. Бирок, труба чыгып турган. “Трубаны алып салып сливке кошкула. Таштандыны жана септикти сордуруп туруу үчүн керектүү тараптар менен келишим түзгүлө” деп кат жөнөткөнбүз. Биз койгон талаптар аткарылган”, – деп экотехинспекциядан билдиришкен.

“Жантай” базары боюнча бизге Маевка айыл өкмөтүнүн башчысы Руслан Алиевдин атынан жашоочулардын арыздануусу тиркелген арыз келип түшкөн. Биз ошол арыздын негизинде базарды текшерүүгө алганыбызда, базардын администрациясы “Бизде каналга эч кандай суу кошулбайт” деп көрсөткөн. Алардын септиги кичинекей болгондуктан, биз “дагы бир септик коюп маал-маалы менен сордуртуп турасыңар” деп милдеттеме бергенбиз. Кийин текшергенибизде алар ошол биз койгон талаптарды акырындык менен аткарып атышканына күбө болдук. Мисалы, кошумча 8 тонналык экинчи септикти орнотушту”. – деп Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Аламүдүн районунун башкармалыгыныгы билдирген.

Базардын жетекчиси Жантай Исабек уулу Айыл өкмөтү аларды мыйзамсыз текшерген деп эсептеп прокуратурага кайрылганын айтат: “Маевка айыл өкмөтү “Базар жабылсын” деп өздөрү чечим чыгарып салып атат. Айыл өкмөтүнүн төрагасыЭкологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынан, КР Өкмөтүнө караштуу ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынан, мамлекеттик каттоо кызматынан турган атайын комиссия түзүлбөй туруп, алардын кеңеши жок кантип жапканга акысы бар? Же мага “Баланчанчы күнү, баланча мекемелер менен текшерүүгө келгенижатабыз” деп эскертүү жибербесе. Айыл өкмөтү өзү чечим чыгаргыдай сот, прокурор эмес да. Анан мен алардын үстүнөн прокуратурага “Эмнеге мыйзамсыз текшерип жатат” деп арыз жазгам. Анын жообун 14 күндө алышым керек эле, бирок бир айдан көп убакыт өттү жооп берише элек”, – деп билдирди Жантай Исабек уулу.

Маевка айыл өкмөтүнүн жетекчилиги тургундардан түшкөн арыздардын негизинде мал базарды жабуу сунушу менен тиешелүү органдарга кайрылганын айтты.

“Жантай” мал базары боюнча бизге базардын айланасында жашаган жашоочулардан көп жолу “Мал базарды жаптыргыла же шардын четине көчүргүлө” деген сыяктуу арыздар келип түшкөн. Массалык маалымат каражаттарына да “Жантай” базарынан чыккан малдын каны сууга түшүп аткандагы видео тарады. Мына ушул критерийлердин негизинде, биз төмөнкүдөй кат менен керектүү органдарга базарды жабуу туурасында маселени карап бергиле деп кат жүзүндө кайрылганбыз. Ошонун негизинде атайын комиссия түзүлүп, базарды текшерүүгө алганбыз. Бирок, биз түзүлгөн комиссиянын негизинде эч кандай чечим чыгара албайбыз. Кат менен кайрылгандан кийин атайын коммиссия түзүлүп мал базарды текшерүүгө алганбыз. Бирок, биз түзүлгөн комиссиянын негизинде эч кандай чечим чыгара албайбыз. Чечимди экотехинспекция, ветеринария чыгарат” – деп билдирди Маевка айыл өкмөтү.

Биз базардын жетекчилигине жолукканга чейин КР Өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Аламүдүн жана Ысык-Ата райондору боюнча региондор аралык башкармалыгынын инспектору Темирлан Табалдиевге кайрылган элек. Ал буга чейин мал базарды экотехинспекция текшерип, суу агып чыккан трубаны алып салып, сливке кошкула деп айтышкан. Бирок, иш жүзүндө ал труба алынбай, кайра коюп койгондоруна нааразычылыгын билдирди. Ал тургай ошол труба аркылуу куйкаланган баш-шыйрактарды жуугандагы кир суулар агып жатканына күбө болдук.

“Кан аралаш аккан суу” же “Жантай” мал базарында санитардык нормалар сакталбайбы?

“Биз акыркы жолу 15-июлда текшергенде базар жабык болчу. Бирок, труба чыгып турган. 22-июлда базардын жетекчисине “Трубаны алып салып сливке кошкула” деп кат жөнөткөнбүз. Кайра келип текшергенибизде трубаны алып салышкан болчу. Азыр эми кайра трубаны чыгарып коюшуптур. Жылда эле кайрылуулар болгондо, буларга айып-пулдар салынып эле жүрөт. Текшерүүгө мораторий жарыялангандан кийин жөндөн-жөн эле келип текшере албай калдык” – дейт экотехинспекция кызматкери.

Ошол эле учурда биздин “Базардан чыккан труба аркылуу сууга эмнелер агып чыгып аткандыгын өз көзүңүз менен көрдүңүз. Мындан кийинки кадамыңар кандай болот?” деген сурообузга,“Таза суу акса трубаны чыгарып койсо болот. Азыр баш-шыйракты куйкалап, аны жуугандагы суусу каналга кошулуп атат. Аны да алдыртыш керек. Бул жайды жууганда малдын жини агып барып жаан-чачын агып чыкчу сууга кошулуп, каналга кирип атат. Эгер силер расмий түрдө кат жиберсеңер, биз сууну текшертиш үчүн атайын лабораторияга жиберебиз. Андан соң биз жыйынтык чыгарабыз. Анализдер жок мен суу таза же таза эмес деп айтуудан алысмын.” – деп жооп берди.

“Кан аралаш аккан суу” же “Жантай” мал базарында санитардык нормалар сакталбайбы?Мал базардын жетекчиси эгерде бул труба алына турган болсо мал базардын ичине суу толуп кетерин айтат.“Мындай кылганыбыздын себеби базардын ичине жаан, каар жаайт. Жаандын суусу чыгыш үчүн арык болуш керек да. Сиздер айтып жаткан арыктан кандын, куйкалангандагы суулар ал жакка түшпөйт, септикке кошулат. Трубаны алып салсак, анда биз жаан-чачындын суусун каякка чыгарабыз?! Биз кардарларга жакшы шарт түзүп беришибиз керек да. Же кардарлар басып жүргөн жерге сууну таштап коелубу?!”, – дейт ал.

Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Аламүдүн районунун башкармалыгынын жетекчиси Чыңгыз Шейшенбаевбазардын жетекчилиги жеке ветеринар врач менен келишим түзүп, алар ар кандай оору чыгып кетпеш үчүн мал базарга кирген малдарды текшерип, ветеринардык жактан тазалыкты карап турушаарын, башкармалыкка бир айда бир жолу отчет берип турарын баса белгиледи.

“Жантай” базары боюнча бизге Маевка айыл өкмөтүнүн башчысы Руслан Алиевдин атынанжашоочулардын арыздануусу тиркелген арыз келип түшкөн. Биз ошол арыздын негизинде базарды текшерүүгө алганыбызда, базардын администрациясы “Бизде каналга эч кандай суу кошулбайт” деп көрсөткөн. Алардын септиги кичинекей болгондуктан, биз “дагы бир септик коюп маал-маалы менен сордуртук турасыңар” деп милдеттеме бергенбиз. Кийин текшергенибизде алар ошол биз койгон талаптарды акырындык менен аткарып атышканына күбө болдук. Мисалы, кошумча 8 тонналык экинчи септикти орнотушту. Сыртта аккан кан суулар экологияны бузуп аткандыгына байланыштуу ишти экотехинспекциянын милдетине кирет. Жан-чачындын суусу, таза калонканын суусу чыга турган трубага биз эч кандай талап койгон жокбуз. Биз болгону кир, кан сууну чыгарбагыла дегенбиз. Эгер силер айтып жаткандай кан аралаш суу чыгып аткан суу болсо, биз көзөмөлгө алып, жөн койбойбуз”, – дейт Чыңгыз Шейшенбаев.

Базардын жеке ветеринары Самый Талантбек уулу төмөнкүлөргө токтолду: “Келген малды базарга №1А деген справканын негизинде киргизебиз. Ооруган малдарды изоляцияга киргизип текшерип, оору табылса артка жиберебиз. Бирок, мындай учур кездеше элек. Мен, мал базарга киргенден бери мал союлганга чейинки тазалыкты карайм. Күнүнө эртең менен кечинде мал союлчу жайды хлорлоп тазалап турабыз. Мал союлганда чыккан кан, бок-сактардын баардыгы атайын жасалган труба аркылуу септикке түшөт. Касапчылардын фартук, бычак, өтүктөрүн хлорго чылап жууп турабыз. Санитардык книжкалары бар.”

“Кан аралаш аккан суу” же “Жантай” мал базарында санитардык нормалар сакталбайбы?

Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Аламүдүн районунун башкармалыгынын жетекчиси Чыңгыз Шейшенбаев, “базарды жылдан-жылга акырындык менен токтомдогу жазылган талаптарга алып келе атабыз. Эгерде токтомдо жазылгандарды аткара албай калышса, анда биз “Базарды айыл четине көчүрүлсүн” деген маселени көтөрөбүз.


Бул материал «Giving Voice, Driving Change — from the Borderland to the Steppes Project» долбоорунун негизинде даярдалды.


Кымбат Турдубекова

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты