​Кыргызстандагы медреселер эмнени окутат?

Конституцияга ылайык,Кыргызстан светтик өлкө болуп саналат. Бирок калктын 80 пайызы мусулман болгондуктан, элдин арасында ислам боюнча билим алууга кызыккандардын саны арбынэкендиги байкаларын адистер айтышат.

Кыргызстанда 1991-жылы кабыл алынган “Дин тутуу жана диний уюмдардын эркиндиги жөнүндө» мыйзам түрдүү ишенимдеги диний уюмдардын жана агымдардын пайда болушуна жол ачкан. Ошондой эле, ислам жана Куран боюнча билим берүүчү медресселер дагы ачыла баштаган.

Дин иштери боюнча мамекеттик комиссиянын берген маалыматы боюнча 2013-жылы медресселердин саны 67ге, жогорку окуу жайлардын саны 10 го жетсе, аларда билим алган балдардын саны 4 565ке жеткен.

  • 2017-жылдын февраль айында Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы медресселерде окуган балдардын саны 6000 экенин билдирген. Бирок, Булан интситунун изилдөөсү медреселерде окуган балдардын саны андан көп экендигин көрсөткөн. Анткени каттоодон өтпөгөн дагы медреселерде окуган балдар болгондуктан, алардын так саны аныкталган эмес.

Кыргызстандадин мамлекеттен бөлүнгөндүктөн мамлекеттик бюджеттен медреселерге колдоо көрсөтүлбөйт. Ошондуктан медреселердеги балдар үчүн түзүлгөн шарттар бири-биринен абданайырмаланып турат.

Кээ бир медреселерде керектүү жабдыктар менен камсыздалган кабинеттер болсо, кээ бирлеринде балдар бир бөлмөдө кысылып, жерде отурушат. Булан институнун изилдөөсү көрсөткөндөй, медреселердеги шарттар көбүнчө демөөочүлөрдөн көз каранды болот.

Мааткабыл уулу Шаршенбай ажы атындагы Бишкектеги медресе.

Каарманыбыз Шейшенбү Бейшенбекова 40 жыл орус тили жана адабияты мугалими болуп эмгектенген. Учурда пенсияда. Анын небереси мектеп курагында болгонуна карабастан медресеге барат:

Менин неберем быйыл 5-класска бармак. Балам мектептеги рекетчилик жөнүндө уккандан кийин медресеге берип коюшту. Мен каршы чыксам “Ал жакта ыймандуу болуп тарбияланат. Мектепте жакшы тарбия берилбейт” деп болбой койду. Барып келип окуп турат. Кээ бирлеринде жашап калса болот экен. Бирок кыз бала болгондуктан “Жаныбыздагы эле мечиттин медресесине барып келип окуп турсун” деди атасы.

Кыз өзү мектепте активдүү болуп, ар кандай иш-чараларга катышып турчу. Азыр аябай түнт болуп кетти. Медресеге барышына деле каршы эмесмин. Болгону баламдын келечеги үчүн кабатырланам. Кандай кесипке ээ болуп калат? Кайда барып иштей алат? Аттестаты жок эмне кылат, -деген суроолор тынчымды албай койбойт.

Ал жакта Куранды жттагандан башка эч нерсе кылышпайт экен да. Математика, адабият, кыргыз тили ж.б сабактар да өтүлбөйт. Ошондо эң эле жөнөкөй сабатсыздыгы жоюлбай калып жатпайбы. Туура жазганды билбей калса, кандай жумушка орношо алмак эле”, — деген ойдо экенин билдирди каарманыбыз.

Кыргызстанда билим жөнүндө Конституциянын жана мыйзамдын бузулуп жаткандыгына карабастан, 9-классты аяктабаган балдар медреседе окуп жатышат. 7-8 жаштагы балдарды кабыл алган учурлар дагы кездешет.

Манас айылындагы медреседеги балдар.

Булан институтунун изилдөөчүлөрү аймактардагы медреселерди кыдырып жүрүшкөндө мектеп курагындагы балдар мектепке баргандын ордуна медреседе отурганын көрүшкөн. Медресе ээлери изилдөөчүдөрдүн суроосуна “агасы менен келди”, “сабагына чейин келди” жеген жоопторду беришкен.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия тарабынан жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгында аталган окуялар тастыкталган. Ошондой эле аттестациядан өтпөгөн, сабатсыз мугалимдердин сабак өтүп жатканы белгилүү болду.

Медреселердин эң негизги көйгөйлөрүнүн бири-бирдиктүү окуу программасынын жоктугу. Көбүнчө ким демөөрчү болсо, ошонун программасы менен окушат.

“Абдулла бин Аббас” медресесинин 2016-жылкы бүтүрүүчүлөрү.

Кыргыз Билим берүү академиясынын адиси, диний билим берүү боюнча жумушчу топтун мүчөсү Мурат Иманкуловдун айтымында, жалпы билими берүүчү мектептердин ордуна, белгисиз демөөрчүнүн программасынын негизинде иш алып барган медреселерге балдарын жиберген ата-энелердин иш — аракеттери экстремизимдин жаралышына алып келет:

Учурда иштеп жаткан медреселердин 90 пайызы замандын талаптарына жооп бербейт. Кээ бир медреселерде кыргыз тили сабагы болушу мүмкүн, бирок, химия, биология, математика сыяктуу сабактар таптакыр жок.

Медреселер тарабынан берилген күбөлүктөр мамлекет тарабынан таанылбайт. Ошондуктан, медреселердин бүтүрүүчүлөрү ЖОЖдорго тапшыра алышпайт. Мындайда “Эми алар кайдан жумуш таба алышат” деген суроо жаралат.

Биз 20 кыз окуган бир медресени текшердик. Бир жылдан кийин анда 10 гана кыз окуусун улантып жатыптыр. Калгандары турмушка чыгып кетишкен экен. Бул жакшы көрүнүш эмес. Медресени аяктагандар көбүнчө коомго аралашпай калышат”, — деген пикирин билдирди адис.

“Ыйман” фондунун мурдагы жетекчиси Нуржигит Кадырбеков илим жана динди чогуу алып кетүү керек деп эсептейт:

Мындай талап исламдын өзүндө бар. Молдолордун айтымында илим экиге бөлүнөт. Биринчиси Жараткан жөнүндө, экинчиси-Илим —химия, физика, астрономия ж.б жөнүндө. Билим алуу-принцип маселеси”,-дейт Кадырбеков

Ырысбү Кылычбек кызы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты