«Сатылган товар кайра кайтарылып алынбайт». Керектөөчүлөрдүн укугун кантип коргосо болот?
- 6 лет мурун
- Баяндар
Адатта көпчүлүк кийим саткан дүкөндөрдөн “Сатылган буюм кайра кайтарылбайт же алмаштырылбайт” деген жазууну көп кезиктиребиз.
Анын айынан канчалаган кардарлар байкабай ылайыксыз кийимдерди сатып алып, аны кайра кайтара албай калган учурлар көп кездешет.Мындай көрүнүштүн кээ бири ызы-чууга, айрымдары соттошууга алып барат.
“Адамдын көркүн бөз ачат”
Каарманыбыз Канат Эрмеков—дал ошондой кырдаалга кабылгандардын бири.
Бир апта мурда ал кийим сатуучу дүкөндөрдүн биринен эки футболка сатып алган, бирок буюмдун жараксыз экенин билип, кайра кайтаруу үчүн келгенде сатуучулар кабыл албай коюшкан:
—Албетте, дүкөндөн жакшы эле көрүнүп жаткан. Үйдөн карасам, бирөөнүн моюн жагы чоюлуп кетиптир. Аны дүкөндөн байкаган эмесмин, Кайра өткөргөнү барганымда бизге эки күндүн ичинде кайрылышыңар керек болчу, эми эч нерсе кыла албайбыз деп албай коюшту. Алганыма болгону үч күн болгон, кийген дагы эмесмин. Этикеткасы, көрүнүшү, кыскасы баары жайында болчу.
Анткен менен борборубуздагы соода комплекстеринин биринде кийим-кече сатып иштеген сатуучу (атын атагысы келбей) төмөндөгүдөй пикирин билдирди:
—Биринчиден, биз бул жерде акча табалы деп отурабыз.Экинчиден, кээ бир шылуун кардарлар бар, алар кийимди бир жолу жолугушууга кийип барып кайра өткөрүүнү каалашат. Андан сырткары алуучу ар кандай, мисалы тери оорулары менен оорушу мүмкүн.Ошондуктан кайтарып ала албайбыз.Эгер такыр эле башка чара жок болсо, акчасын кайтарып беребиз,бирок алган адам үч күндүн ичинде кайрылышы зарыл.
“Сатылган товарлар кайтарылып алынбайт” деп жазуу мыйзамдуубу?
Жогорудагыдай жазууларды илип коюу канчалык деңгээлде мыйзамдуу экенин билүү максатында адистерге кайрылдык.
Монополияга каршы кызматтын башкы адиси Таалай Кенжешов сатуучулардын мындай аракеттери мыйзамсыз экенин билдирди.
—Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндөгү мыйзамдын 24-беренесинде “Эгерде буюм формасы, көлөмү, фасону, түсү боюнча же башка себептерден улам керектөөчүгө жакпаса, аны алмаштырып алууга укуктуу.Керектөөчү сапаты талаптагыдай болгон азык-түлүк эмес болгон товарды сатып алган күндү кошпогондо он төрт күндүн ичинде алмаштырып алууга укуктуу” деп так жазылып турат.Ал эми сатуучулар үч күндүн ичинде гана ала аласыз деп кардарларды алдашат. .
Мындай пикирге Бишкек шаарынын Октябрь райондук администрациясынын Экономика жана финансы бөлүмүнүн адиси Жекшен Узакбаев дагы кошулат.
Анын айтымында аталган администрацияга ушул көйгөй менен көп кайрылышат.
—“Сатылган товар кайтарылып алынбайт” деген жазууну илип алганга соодагерлердин эч кандай акысы жок. Алар мыйзамды сыйлабай жатат.Кийимдерин өткөрө албаган кардарлар бизге байма-бай кайрылат.Канткен күндө да кардарлардын,элдин кызыкчылыгы биринчи орунда туруш керек.
Ал эми өнүккөн мамлекеттерде бул маселе кандай жол менен чечилет?
Бул туурасында жайкысын Германияда сатуучу болуп иштеп келген студент Эржан Байкулов өз тажрыйбасы менен бөлүштү.
—Германиядан эки жолу бут кийим сатып алып, экөөндө тең кайра алмаштыра алдым. Бирөөндө акчасын кайтарып алсам(60 евро), бирөөндө бир жума кийип жүрүп бутумду кысып жатат деген жүйөө менен башка бут кийимге алмаштырып алгам. Германияда кийим сатып иштечүмүн. Кээ бир кардарлар алган бут кийиминин таманы үч-төрт күндөн кийин эле жалпайып кете турган болсо, келип “Силер эмне деген товарды сатып жатасыңар?” деп урушуп кетчү. Албетте, алар сатып алган буюмун башка товарга алмаштыра алат же акчасын кайиарып алышат.
Айтор сатуучулар буюмун өткөрүүнүн айласын издесе, кардарлар кантип укугун пайдаланыштын айласын издейт. Акырында, бир нерсе сатып алып жатканда эмоционалдуу эмес, рационалдуу ойлонуп, шашпай алыңыздар демекчибиз.
Эгер товарды жаңылып калган болсоңор, аны алмаштырып алууга укугуңар бар.
Алтынбек Айбек уулу
Сүрөттөрү автордуку.