​Кайрат Осмоналиев Билим берүү министринин кеңешчиси болду

  • 5 лет мурун

Кайрат Осмоналиев Билим берүү жана илим министрлигинин коомдук башталыштагы кеңешчиси болуп дайындалды.

Ал коррупциянын алдын-алуу, схемаларын талкалоо, жалпы эле билим берүү тармагындагы коррупциялык механизмге каршы туруу жагын карамакчы.

Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Айта кетсек, Кайрат Осмоналиев кесиби боюнча юрист, юридика илимдеринин доктору, профессор, Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты