​Жээнбеков: “Соттордон кайтарым болбой жатат”

  • 5 лет мурун

«Сот системасы таза иштегенде гана өлкөдө акыйкаттык орноп, элдин бийликке ишеними бекемделет», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-мартта, Бишкекте өтүп жаткан Кыргыз Республикасынын судьяларынын XI курултайында.

Өзүбүздүн жарандардын, чет элдик өнөктөштөрдүн, инвесторлордун бийликке болгон мамилеси, биринчи кезекте, сотторго жана укук коргоо органдарына байланыштуу.

Сот тутумуна республикалык бюджеттен акча каражатынын бөлүнүшү жылдан-жылга көбөйүп жатат.

2019-жылга карата — 2 млрд 154 млн 617 миң 100 сом бюджет каралды, 2018-жылга салыштырмалуу бюджеттин өсүшү 38,5 пайызды түзөт.

Саясий эрк бар. Каражат да бар.Бирок, силерден ошого жараша кайтарым болбой жатат деп айтты Президент соттордун съездинде сүйлөгөн сөзүндө.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты