Эфиопиядагы авиакырсыктан 157 киши каза болду

  • 5 лет мурун

«Боинг-737» 10-март күнү эртең менен АддисАбебадан Кениянын борбору Найробиге багыт алган. Абага көтөрүлгөндөн алты мүнөт өткөндө кырсыкка кабылган. Борттогу 157 кишинин баары мерт болду.

Ethiopian Airlines компаниясынын учагында 33 өлкөнүн, анын ичинде Орусия, Канада, АКШ, Италия, Кытай, Франция жана Улуу Британиянын жарандары болгон.

Курман болгондордун 149у – жүргүнчү, 8и – экипаж мүчөсү. Эфиопия премьер-министри маркумдардын үй-бүлөсүнө көңүл айтты.

Кырсыктын себептери азырынча белгилүү боло элек. Учак Бишофту жанар тоосуна жакын Дебре Зейт шаарынын четине кулаган.

Бул 2019-жылдагы эң ири авиакырсык деп эсептелүүдө.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты