​Сот аткаруучуларга тоскоол болушкан

  • 5 лет мурун

ЖМКда жарыяланган бишкектик жарандын омурткасы сынганы, анын айдоочусун сабап кеткени тууралуу маалыматка Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы жооп берди:

Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун 2018-жылдын 12-мартындагы чечими менен “Милый дом” (“Сүйүктүү үй”) үй ээлеринин бирикмесинин жер тилкесин пайдалануудагы тосколдууктарды жоюу боюнча доосу канаатандырылган.

Сот павильон ээлерин үй ээлеринин бирикмесинин жериндеги павильонун 20 күндүн ичинде алып салууну милдеттендирген.

Үй ээлеринин бирикмеси Асанбай кичи районунда, №52 үйдүн жанында.

Соттун милдеттенмеси аткарылбагандан кийин мажбурлап аткаруу чечими кабыл алынган.

25-февралда сот аткаруучулар ошол чечимди аткартуу учурунда коомдук тартипти сактасын деп 26-февралда саат 09.00 га милиция кызматкерлерин чакырган.

Сот чечимин мажбурлап аткартып жаткан учурда эт павильонунун ээси Элдияр Асангариев жана Шатман Тагаев (ал А.Э.нин айдоочусу) жана сот аткаруучуларынын ортосунда уруш чыгып кеткен.

Асангариев милиция кызматкерлерине кол көтөрүп,соттун чечимин аткарууга тоскоол болгон.

Павильонду жүктөп бара жатканда жүктөп кете турган унаанын айдоочусун кабинадан түртүп чыгарууга аракеттенген.

Андан кийин сот аткаруучулар Элдияр Асангариев, Шатман Тагаев, Гүлсүн аттуу жарандарга чара көрүүнү суранып, милицияга кайрылган.

Үй ээлеринин биримдиги уюму да аталган жарандарга чара көрүү арызы менен милицияга кайрылган.

Каршылык көрсөткөндөрдү милиция участогуна алып келгенде жоопкерчиликтен качыш үчүн Асангариев “Тез жардам” чакырып, кан басымы көтөрүлдү, милиция кызматкерлери кол көтөрдү деп чыккан.

Кармалгандарга “бейбаштык” беренеси боюнча айып коюлууда.

Бул окуя боюнча ички иштер органдарынын кызматтык териштирүүсү жүрүп жатат.

Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты