№13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округу: Тазабек Икрамовдун ордуна талапкерлер арыз берүүдө

  • 2 месяца мурун

26-июлда Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясына (БШК) Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого №13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округу боюнча  Кылычбаев Алтынбектен талапкер болуу тууралуу арыз  түштү.

Бул тууралуу БШК сайтында билдирди.

Алтынбек Кылычбаев 1977-жылы туулган. “Жалал-Абад” санаторийинин директорунун орун басары болуп иштейт.  

№13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлерди кѳрсѳтүү 2024-жылдын 22- августунда аяктайт.

Президенттин 2024-жылдын 24-июлундагы жарлыгына ылайык, №13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2024-жылдын 22- сентябрына дайындалды.

19-июлда Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамовду мандатынан ажыратты. Буга Икрамовдун өз эрки менен арыз жазганы негиз болгондугу айтылды.

Тазабек Икрамов 2021-жылы өткөн шайлоодо бир мандаттуу Сузак шайлоо округунан шайланып келген.

Тазабек Икрамов бийликтин туура эмес иш-аракеттерин парламент трибунасынан кескин сындап келген. Ал журналисттердин үйүн тинтүү, суракка  алуу сөз эркиндигине, демократиялык процесстерге терс таасирин тийгизээрин билдирген.

Сүрөт: shailoo.gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты