13 айылдык кеңеш депутаттарын шайлоо: Шайлоочулардын келүүсү
- 2 года мурун
Борбордук шайлоо комиссиясы Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош жана Чүй облустарынын 13 айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо саат 12.00гө шайлоочулардын добуш берүүсү тууралуу маалымат берди.
Жалпысынан 13 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын добуш берүүгө келүүсү төмөнкүдөй: 10814 шайлоочу же 12.14%. Анын ичинде:
Айылдык кеңештер:
1. Жаңы-Алыш: 243 шайлоочу добуш берди же 13.25%
2. Кара-Булак: 217 же 9.98%
3. Көк-Ойрок: 606 шайлоочу же 19.08%
4. Сокулук: 800 же 7.30%
5. Александровка: 299 шайлоочу же 2.63%
6. Кажы-Сай: 393 же 13.03%
7. Тоголок-Молдо: 337 же 14.99%
8. Казыбек: 466 шайлоочу же 14.02%
9. Ак-Таш: 857 же 14.65%
10. Төлөйкөн: 2 342 шайлоочу же 13.92%
11. С. Юсупов: 2 126 же 12.85%
12. Көк-Арт: 1 434 шайлоочу же 19.62%
13. Кара-Жыгач: 694 шайлоочу добуш берди же 15.44%.
Бүгүн, 10-апрелде, Кыргызстанда 3 шаардык жана 13 айылдык кеңешке депутаттарды шайлоо өтүүдө.