12 жашар баланы сабаган аял кармалды (видео)

  • 4 недели мурун

Жалал-Абаддын Сузак районунун 30 жаштагы тургуну А.Н. 12 жашар баланы сабап салганы үчүн кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы билдирип, видеосун жарыялады.

Буга чейин соц.тармактарда соода борборундагы балдар ойноочу аянтчада аял өспүрүмдү сабап жаткан видеосу тарап кеткен эле.

Аталган мекеме берген маалыматка ылайык, бул окуя боюнча 19-август күнү өспүрүмдүн апасы Жалал-Абад шаардык ички иштер башкармалыгына арыз менен кайрылган. Арызында ал 17-август күнү саат 18:30 чамасында Жалал-Абад шаарындагы “Плаза” соода борборунун 4-кабатында анын 2012-жылы туулган баласын бейтааныш аял бети башына колу менен урганын билдирген. Натыйжада өспүрүмдүн баш мээси чайкалып, облустук балдар ооруканасына жаткырылган.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин (Бейбаштык) негизинде кылмыш иши козголгон. Шектүү катары Сузак районунун 1994-жылы туулган А.Н. аттуу жараны кармалып, убактылуу кармоочу жайга 48 саатка камалганы белгилүү болду. Учурда тергөө иштери жүрүп жаткандыгы айтылды.

Сүрөт: Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты