11 жылда Садыр Жапаров, Акылбек Жапаров жана Камчыбек Ташиевдин казино жөнүндө ойлору кандай өзгөргөн? Текшеребиз

22-июнь күнү Жогорку Кеңеште Кыргызстанда чет өлкөлүктөр үчүн казинолордун иштөөсүнө уруксат берген мыйзам долбоору кабыл алынды. Бул коомчулукта түрдүү пикирлерге жол ачып, бир канча жолу казинолордун ачылышына каршы болгон митингдер да өткөрүлгөн. 

“ПолитКлиника” медиасы казинолордун ачылышы боюнча президент Садыр Жапаровдун, УКМК басчысы Камчыбек Ташиевдин жана Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун ойлору жылдар аралыгында кандай өзгөргөнүн текшерип көрдү. 

2011-жыл: “Казинолор жабылсын” 

Экономика жана каржы министрлиги билдиргендей, 2011-жылдары Кыргызстанда 17 казино иш алып барып, тармакта 11-15 миң адам иштеген. Ал эми кумарканалардан мамлекеттик бюджетке жыл сайын 400-600 миллион сомдун тегерегинде салык түшүп турган.

Бирок, 2011-жылы Кыргызстанда кумар оюндарына мыйзам менен тыюу салынган. Ага байланыштуу казинолор, оюн автоматтары жана башка кумар оюндарын уюштурган жайлар расмий түрдө жабылган болчу. Анткени ошол убакта кумаркананын торуна түшкөн жарандардын жакындары массалык нааразычылык билдиришип, казинолордун жабылышын талап кылышкан. 

Казинолор боюнча маселе Жогорку Кеңеште талкууланган. Ал учурда азыркы бийликте тургандар Жогорку Кеңештин депутаты болуп кумар оюндарына тыюу салганга макул болушкан. Садыр Жапаров, Акылбек Жапаров, Талант Мамытов кумар оюндарына тыюу салуу боюнча мыйзамына “макул” деп добуш беришсе, Камчыбек Ташиев добуш берүүгө катышкан эмес.

11 жылда Садыр Жапаров, Акылбек Жапаров жана Камчыбек Ташиевдин казино жөнүндө ойлору кандай өзгөргөн? Текшеребиз

Ошол убакта депутат болуп турган Садыр Жапаров, Акылбек Жапаров, Талант Мамытов жана Камчыбек Ташиев казинолордун жабылышына эмне себептен макул болгону тууралуу маалыматтар жок. 

2021-жыл: “Кумарканаларды ачуу менен бюджеттеги акчаны көбөйтөбүз” 

2021-жылы президент Садыр Жапаров Кыргызстанда казинолорду ачуу тууралуу демилгени колдой турганын айткан. Президент бул кадамды өлкөнүн экономикасын көтөрүү аракети деп сыпаттап, Кыргызстандын жарандары ойнобой турганын баса белгилеген. 

“Кумарканалар Кыргызстан жарандары үчүн ачылбайт, чет элдиктер жана туристтер үчүн гана ачылат. Мыйзамда кыргызстандыктардын кумарканага кирүүсүнө жана кумар оюндарын ойноосуна тыюу салынары жазылып турат. Депутаттар туура эле колдоп жатышат. Туристтердин акчасы Кыргызстанда калса жаманбы? Мындай тажрыйба көптөгөн өлкөлөрдө, анын ичинде коңшу өлкөлөрдө кеңири тараган. Айрым алысты көрө албаган популист депутаттар бул мыйзам долбоорун колдогон депутаттарга каршы „кара пиар“ жасап жатышат”, — деген мамлекет башчы.

Ал эми министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров да Кыргызстанда кумарканаларды ачууну колдоп келет.  Акылбек Жапаров 22-июнда Жогорку Кеңештин отурумунда билдиргендей, казино ачылса быйыл мамлекеттик бюджет 1 миллиард сомдон 2 миллиард сомго чейин толукталышы мүмкүндүгүн билдирди. Мындан сырткары жумуш орундары түзүлө турганын да айткан. 

Ошол эле отурумда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев депутаттарды казино ачууну саясатташтырбай жакшылап ойлонуп, эл-журтту багып алууга аракет кылууга чакырган

“Көпчүлүгүңүздөр ыйман, дин деп туура айтып жатасыздар. Биз дагы баарыбыз намаз окуган жигиттербиз. Бирок ошол ыйман деп жүргөн жигиттердин деле кандай иш аткарып жүргөнүн мен билемин. Саясат кылбастан мамлекетибизди. эл-журтубузду багып алганга аракет кылышыбыз керек”, — деп айткан УКМК башчысы. 

Башкача айтканда, 10 жыл мурда азыркы бийликтегилердин кумаркана тууралуу ойлору позитивдүү нукта өзгөргөн. 

Азыркы мыйзам 2011-жылдагыдан айырмаланат 

Экономика жана коммерция министрлиги “Оюн-зоок иши жөнүндө” мыйзам долбоорун иштеп чыгып, 28-мартта коомдук талкууга алып чыккан. Ага ылайык, ведомство казино, тотализатор, букмекердик контор жана залдардын, ошондой эле оюн автоматтарынын ишмердүүлүгү каралган. 

Мыйзам долбооруна ылайык, Кыргызстандын жарандары кумарканага кирип, ойной албайт. Мындан сырткары, 21 жашка чейинки чет өлкөлүк жарандар да  кумарканалардын кардары боло албайт.

Башкача айтканда бул долбоор 2011-жылда тыюу салынган мыйзамга салыштырмалуу айырмаланат. Бирок долбоорду ишке ашыруу жана жөнгө салуу боюнча коомчулукта бир канча маселелер талкууланып жатат.

Жыйынтык: Садыр Жапаров, Акылбек Жапаров жана Талант Мамытов 10 жылдан кийин казино жөнүндө ойлорун өзгөрткөнү чындык. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты