11 журналисттин иши: Сот процессине эксперт Жанышбек уулу Азамат келбей калды. Ишти изилдөө улантылууда

Бүгүн, 25-июлда, жапырт камалган 11 журналисттин иши боюнча сот отуруму Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда улантылууда.

Бүгүнкү отурумда Кыргыз улуттук Илимдер академиясынан эксперт катары Жанышбек уулу Азамат суралмак, бирок ал сот отурумуна келген жок. Мамлекеттик айыптоочунун айтымында, Кыргыз улуттук Илимдер академиясынын имаратында оңдоо иштери жүрүп жатканынан улам, академиянын кызматкерлери эмгек эргүүсүнө чыгарылган.

Сотто ишти изилдөө улантылууда.

11 журналисттин иши: Сот процессине эксперт Жанышбек уулу Азамат келбей калды. Ишти изилдөө улантылууда
11 журналисттин иши: Сот процессине эксперт Жанышбек уулу Азамат келбей калды. Ишти изилдөө улантылууда

Мурдагы сот отуруму 18-июлда өттү. Отурумда кылмыш иши боюнча эксперттер сурала башталды. Эксперт Нурлан Сакпаев соттун суроолоруна жооп берди.

Нурлан Сакпаев “Эркиндик берилбейт, эркиндик үчүн күрөшөлү” деген сөз болбогондо массалык башаламандыкка чакырыктын белгилери жок деп тыянак чыгармакмын» деп жооп берди.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралып жаткан 11 журналисттин иши Бишкек шаарынын Ленин райондук сотуна жиберилген.

28-майда Бишкек шаардык сотунда массалык башаламандыкка шектелип жаткан 11 журналисттин ишин Ленин райондук сотуна жиберүү чечимине каршы жактоочу Улан Сейитбековдун арызын карап, канаттандырган жок.

16-январда Ички иштер министрлиги (ИИМ) “Temirov Live” медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен, алардын баары камакка алынган.

Кийин редакция кызматкери Акыл Орозбеков үй камагына, ал эми Жумабек Турдалиев эч жакка кетпөө тилкаты менен абактан чыккан. “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Сапарбек Акунбеков ден соолугуна байланыштуу үй камагына бошотулган. 9-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук соту журналисттер Жоодар Бузумовдун, Тыныстан Асыпбековдун, Максат Тажибек уулунун жана Сайпидин Султаналиевдин бөгөт чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарган.

Биринчи май райондук соту Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткан Махабат Тажыбек кызынын, Азамат Ишенбековдун, Актилек Капаровдун жана Айке Бейшекееванын камактагы мөөнөтүн дагы узарткан.

Ички иштер министрлиги “Айт Айт Десе” жана “Temirov Live” баракчаларындагы массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материалдарга байланыштуу кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) менен иш козголгонун билдирген.

Журналисттер коюлган айыпты четке кагышууда. Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар бийликти эркин журналисттерди бошотууга чакырып келет.

Сүрөттөр: «ПолитКлиника», 25-июль 2024-жыл

Видео: «ПолитКлиника».

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты